Ички иштер министрлиги (ИИМ) жол эрежесин бузган айдоочуларды кайрадан экзаменге жиберүүнүн тартибин иштеп чыгып, мыйзам долбоорун коомдук талкууга чыгарды. Анда ондон ашык жолу эреже бузгандардын, анын ичинде атайын белгиси жок машине айдагандардын жана жол эрежелерин одоно бузгандардын айдоочулук күбөлүгү убактылуу алынып, айдоочу өзү экзаменге жөнөтүлөт.
Мындай демилгени быйыл март айында президент Садыр Жапаров көтөрүп, тиешелүү мекемелерге тапшырма бергени маалым болгон.
Мыйзамга айланган демилге
Жол эрежесин бузган айдоочулардан кайрадан экзамен алууга багытталган мыйзам долбоору Ченемдик-укуктук актылардын долбоорлорун коомдук талкуулоонун бирдиктүү порталына жарыяланды. Ал “Укук бузуулар жөнүндө” кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүүнү, тагыраагы, бир нече жаңы берене кошууну жана бир нече беренени оңдоону көздөйт.
Мисалы, “Транспорт каражаттарын башкаруу укугуна күбөлүктү убактылуу алып коюу” (361-берене) жана “Жол кыймылынын эрежелерин билүүсүнө теориялык экзамендерди кайра тапшырууга жөнөтүү” (381-берене) деген таптакыр жаңы беренелер пайда болот.
ИИМдин Жол кыймыл коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын басма сөз катчысы Байказы Айтикул уулу мыйзам долбоордун маңызын “Азаттыкка” мындайча чечмелеп берди:
“Ал жерде так көрсөтүлүп турат, жол-унаа кырсыктарына себеп боло турган одоно жол эрежелерин бузууларды жасаган айдоочуларды гана токтотуп, жеринде жол кыймыл эрежелерин сурамжылоо иштери жүргүзүлөт. Одоно жол-кыймыл эрежелерин бузуу фактылары дегенде, катуу ылдамдык менен айдагандар, каршы тилкеге чыккандар, алдыдагы автоунаадан озуп өтүү манёврун жасоо эрежелерин бузгандар, үн чыгарып бараткан кызматтык унааларга жол бошотуп бербеген айдоочулар, автоээнбаштык жасагандар, бузук транспорт айдагандар, эрежелерди сактабагандар, жол түзүм, жол чырак, жол чийин эрежелерин бузгандар, жүргүнчүлөрдү туура эмес багытта ташыгандар жеринде токтотулуп, жеринде суралат”.
Демек, эреже бузган айдоочу жеринде суроолорго жооп бере албай калса анда айдоочулук күбөлүгү убактылуу алынып, айдоочу өзү экзаменге жөнөтүлөт. Аны 60 күн ичинде тапшырбаса айдоо укугунан убактылуу ажырайт.
Ал эми эреже бузуулар камера аркылуу катталса, машинаны айдап жүргөн айдоочу өзү экени далилденсе гана экзаменге жөнөтүлөт.
Жол эрежесин бузган айдоочуларды токтотулган жерден токтотуп, сынак алуу демилгесин президент Садыр Жапаров көтөрүп, тиешелүү органдарда анын тартибин иштеп чыгуу тапшырмасын койгону эки айча мурдараак белгилүү болгон.
Бул жөнүндө президенттин басма сөз катчысы Аскат Алагөзов 24-мартта Фейсбуктагы баракчасына жазып, мындай процедуранын киргизилип жатышын жол кырсыктарынын саны кескин өсүп кеткени менен байланыштырган.
“90-жылдардан кийин көпчүлүк адамдар айдоочулук күбөлүктү окубастан туруп эле алып алган учурлар арбын болгон. Көпчүлүгүбүз эле сатып алганыбызды моюнга алышыбыз керек. 20-30 пайызы эле окуп алган болушу мүмкүн. 2020-жылга чейин айдоочулук күбөлүк 15-20 миңден сатылып келгени жалпы маалым. Азыр эми бул көрүнүш кан буугандай токтоп, элдин баары айдоочулук күбөлүктү чындап окуп ала баштады. Тилекке каршы, учурда бизде жол кырсыгы көп катталып жатат. Жол кырсыгына себеп болгон айдоочулардын көпчүлүгү эреже билбей, айдоочулук күбөлүктү сатып алгандар болуп чыгууда. Жол эрежесиндеги беш эле белгини көрсөтсөң, бешөөнү тең билбегендер четтен чыгат. Статистикалык сандарды мисал келтирбей эле коеюн. Жол кырсыгынан каза тапкан мекендештерибиздин саны жүздөп саналат. Ошондуктан президентибиз 1-сентябрга чейин ички иштер министри менен “Унаа” мекемесинин жетекчисине бул багытта иш-аракеттер планын иштеп чыгууга тапшырма берди” – деген президенттин басма сөз катчысы Аскат Алагөзов өз постунда.
Баштапкы маалыматтарга ылайык, айдоочу биринчи жолу кайра экзамен тапшырууга жөнөтүлгөндө сынак үчүн 500 сом төлөйт, өтпөй калып, кайра келсе 1000 сом, үчүнчү жолу тапшырууга келсе 2000 сом төлөйт. Анда да кулап калса, төртүнчү ирет сынак тапшыруу айдоочунун капчыгына 4000 сомго турат.
Сынак теориялык түрдө болот деп белгиленүүдө. 25 мүнөттүн ичинде 20 суроонун кеминде 18ине туура жооп берген адам сынактан өтөт.
Коррупциялык тобокелчилик жана адам укуктары
Бул демилге алгач сунушталганда да кызуу талкуу жараткан. Идея документке айланып, коомчулукка чыкканда талаш-тартыш кайрадан күчөдү.
Кыргызстандык айдоочулар уюмунун төрагасынын орун басары Дүйшөналы Токтакунов демилгени оң-терс жактары бар экенин белгиледи:
“Айдоочулардын баары текшерилбейт, эң катуу чаралар, айыппулдар жогорку эреже бузууга барган айдоочуларга гана көрүлө турган болуп жатат. Бир чети, туура элеби деп ойлойсуң да. Анткени, “мына сентябрдан башталат” десе адамдар жол эрежелерин окуп, айдоочулар жол белгилерин жаттай башташты. А жол белгилерди билбесең жол эрежеси кантип сакталмак эле? Ошондуктан бул мамлекеттик муктаждык го деп ойлоп жатабыз. Жол кырсыктары көбөйгөндөн улам көрүлүп жаткан иш-чара. Экинчи чети, экзаменди тапшырууга 500, 1000, 2000, 4000 сом деп жатканы туура эмес го деп ойлойбуз. Себеби, азыр экзаменге баргандар 185 сом төлөп теориялык, 185 сом төлөп практикалык экзамен тапшырат. Ошондуктан бул акы кымбатыраак болуп калат го деп ойлойбуз. Анан ошондой эле коррупциялык тобокелчиликтер да болушу мүмкүн деген кыжаалатчылык бар. “Мен экзаменге бара албайм, мобу тыйынды алып койчу” деген учурлар да болуп калышы мүмкүн”.
Жол эрежесин билбегендерден сынак алуу демилгеси көтөрүлгөндөн бери жол кыймылын тескөөчүлөр айдоочулар токтотулган жерден сурамжылоо жүргүзүп, кеп болуп жаткан өнөктүккө даярдык иштерин көрүүдө. Ошол эле кезде кээ бир активисттер, тескерисинче, инспекторлордун өздөрүнө суроо узатып, жол белгилерин сураган видеолор пайда болду. Айдоочулардын ичинде да, инспекторлордун ичинде да ага оң жооп бере албай калгандар чыгууда.
Башка маселе, айрым активисттер жана жарандык активисттер мамлекет өзү берген документти кайра өзү убактылуу тартып алуусун адам укуктарын бузуу катары да баалап жатышат.
Коомдук ишмер Тынчтык Акжолтоев Фейсбуктагы баракчасында мындай пикири менен бөлүштү:
“Мыйзамдуу айдоочулук күбөлүк алгандан кийин айдоочулардын жол эрежесин билүүсүн текшерүү жарандардын укугун түздөн-түз бузуу болуп саналат. Мыйзам артка иштебейт. Эгерде мамлекет айдоочулардын компетенттүүлүгүнөн күмөн санаса, анда иш жүзүндө ал өзүнүн катасын жана мамлекеттик органдарда коррупциянын бар экенин мойнуна алган болот. Түпкүлүгүндө, бийлик муну менен башкаруу системасы эффективдүү эмес экенин ырастап, өзүнө болгон ишенимди кетирет. Кошумча текшерүүлөрдү жүргүзүүнүн ордуна айдоочулук күбөлүктөрдү берүү стадиясында көзөмөлдү күчөтүүнү сунуштайм. Жоопкерчиликти мыйзамдуу түрдө документ алган жарандарга жүктөбөш керек”.
Расмий маалыматка ылайык, 2024-жылы 11 айда өлкөдө 6 миңден ашуун жол кырсыгы катталган. Андан 640 адам каза болуп, дагы 9 миңге жакын киши жаракат алган. Өткөн жылдагы кырсыктар жана жапа чеккендер тууралуу толук маалымат бериле элек.
2025-жылдын башынан март айына чейин 1300дөн ашык жол кырсыгы катталып, андан 110 адам каза болду. Дагы 2000ден көп киши ар кандай жаракат алды.
Шерине