Пакистандын Белужистан провинциясында окуучуларды ташыган автобустун жанында жардыруу болуп, беш адам каза болду, 35и жаракат алды. Набыт болгондордун арасында жаш балдар бар. Бул тууралуу Пакистандын армиясы кабарлады.
Маалыматка караганда, окуя 20-майда болду. Жардырууга жоопкерчиликти эч ким мойнуна ала элек.
Буга чейин аймакта болгон бир нече куралдуу кол салуу жана жардырууларга жоопкерчиликти АКШда террордук деп таанылган "Белужистан боштондук армиясы" уюму алган.
Пакистанда согушкерлер 11-мартта поездге кол салып, ичиндеги жүргүнчүлөрдү барымтага алган. Пакистан темир жол башкармалыгынын расмий өкүлдөрү билдиргендей, Jafar Express поездинде болжол менен 500дөй жүргүнчү бараткан. Кол салуу үчүн жоопкерчилик алган "Белужистан боштондук армиясы" өкмөт алардын түрмөдөгү жоочуларын бошотууга макул болсо барымтадагыларды коё берүүгө даяр экенин билдирген.
Жаратылыш кендерине бай Белужистан быйыл жыл башынан бери бир нече жолу куралдуу чабуулга кабылды.
Бул аймакта Пакистан өкмөтү өзүн "Белужи боштондук армиясы" (BLA) деп атап алган жикчил топко (АКШда глобалдык террордук топ деп жарыяланган) каршы күрөшүп келет. ( AiA)
Шерине