Эл аралык коомчулуктун, анын ичинде Еврошаркеттин сынына карабай Израил Газадагы согушту кеңейтип, күн сайын анклавды аткылап келатат. Израил бийлиги АКШ жана Евробиримдикте террордук деп таанылган ХАМАСтын жайларын жок кылып жатканын айтууда.
39 жаштагы Махмуд ал-Хоу сорпо алуу үчүн чакан мискейин көтөрүп алып эртең мененки саат 8ден бери кезекте турду. Ошол тамакты бир күнгө алты кишиге жеткириши керек. Анын үй-бүлөсүндө оорукчан, шал балдар бар. Махмуд жок дегенде бир мискей тамак алганына сүйүнүп отурат.
2-мартта ок атышууну токтотуу келишими үзгүлтүккө учурагандан бери аймактагы 2 миллионго чукул адамга гуманитардык жардам, анын ичинде азык-түлүк, дары-дармек киргизилбей калган. Эл аралык уюмдар жана эксперттер блокаданы алууга чакырып келишкени менен Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяху өткөн жекшембиде гана анклавга чектелүү көлөмдөгү гуманитардык жардамды өткөрүү чечимин жарыялаган.
Дүйшөмбүдө тогуз оор машинага Керем-Шалом өткөрмөсүнөн Газага кирүү уруксаты берилеген. Бирок БУУнун гуманитардык жардам боюнча кеңсеси шейшемби күнү маалымдагандай, ал күнү 5 машина гана өтүп, калгандары текшерилип жатты.
Эл аралык жардам келатат деген маалыматты уккан Газа шаарынын чатырларда башкалкалаган жашоочулары 20-майда Ислам университетинин жанына чогулуп, бирок куру жалак кетишти.
Ал күнү БУУ Газага дагы 100дөн ашуун жүк ташыган машинаны өткөрүүгө уруксат алынганын билдирген.
Баш катчыныны басма сөз өкүлү Стефан Дюжаррик да буга чейин жеткирилген гуманитардык жардам дагы деле “Израилдин көзөмөлүндө” болгонун, элге таратыла электигин айтты:
"Биз бүгүн Керем-Шалом чек ара өткөөлүнөн палестин тарапка ун, дары-дармек, азык-түлүк жана башка эң зарыл нерселерди жөнөтүп жатабыз... Израил бийлиги машинелерди палестин тарапта бошотуп, тилкенин ичинде биздин өкүлдөрдүн өтүүсү камсыздалгандан кийин кайра жүктөөнү талап кылууда... Бүгүн топторубуздун бири азык-түлүктү алып кетүү үчүн израилдиктерден бир нече саат уруксат күтүштү. Тилекке каршы, жардамды биздин кампага жеткире алышкан жок. Тактай кетким келет: Газага көбүрөк азык-түлүк жеткирилгени менен аларды атайын пункттарга жана кампаларга жеткирүүнү камсыздай алган жокпуз".
Израил Газа ачарчылык кризисине туш болгонун четке кагууда жана блокада палестиналык согушкерлердин гуманитардык жардамды башка жакка буруп, тартып алуусун алдын алуу максатын көздөгөнүн айтып келатат. ХАМАС Израилди ачарчылыкты аскердик тактика катары колдонуп жатат деп айыптап жүрөт.
Жеткирилген жана уруксат берилген жардамдын көлөмүн Улуттар Уюму мухитке тамган тамчы менен салыштырат. Эксперттердин баамында, гуманитардык кризис тооруган анклавдын эли күнүнө 500 машина жардамга муктаж.
Улуттар Уюмунун шейшемби күнкү маалыматына ылайык, жакынкы 48 саатта эң зарыл жардам жетпесе 14 миңдей бөбөк чарчап калышы мүмкүн.
Жекшембиде Израилдин армиясы (ЦАХАЛ) Газанын түштүгүндө жана түндүгүндө толук масштабдуу жер операциясын баштаганын билдирген.
20-майда ЦАХАЛдын башкы штабынын жетекчиси генерал Эйал Замир ХАМАСка каршы Газадагы операция кеңейерин, көбүрөөк аймактарды ээлеп алышарын, террорчулардын инфраструктурасын жок кылышарын айтты:
"ЦАХАЛдын жоокерлери менен бирге барымтадагы бардык кишилерибиз эркин кылынмайынча талыкпай аракеттенебиз. Бул үчүн кандай гана мүмкүнчүлүк болбосун, андан пайдаланабыз. ХАМАС өз аракеттери үчүн жооп бериши керектигин түшүнүшү зарыл. Барымтадагыларды куткаруу үчүн аларды бошотуу керек. Макулдашууга жетишилсе, ЦАХАЛ операциясын ошого жараша өзгөртөт".
Ансыз да убактылуу жарашуунун мөөнөтү соңуна чыккандан кийинки жумаларда тилкеге урулган соккулар күчөгөн.
Эл аралык коомчулуктун кысымына жана сынына карабай Израил Газаны бомбалап, аткылоону улантууда. Шейшембиде кеминде 85 киши каза тапканын анклавдын саламаттыкты сактоо министрлиги билдирди.
Израил аскердик жайларды гана бутага алганын айтып, жоочулар калк жашаган райондордо иш алып барганын айтууда.
Шейшембиде Британия, Франция жана Канаданын лидерлери Израил аскердик операцияны токтотуп, гуманитардык жардамга киргизилген чектөөнү алып салбаса “конкреттүү кадамдарга” барышарын эскертишти.
"Израилдин Газадагы эскалациясы үрөй учурарын белгилей кетким келет. Барымтадагыларды бошотуу үчүн ок атууну токтотуу зарыл деген талапты кайталайбыз. Иордан дарыясынын батыш жээгиндеги конуштардын кеңейишине каршыбыз. Газага гуманитардык жардамды эселеп көбөйтүүнү талап кылабыз", - деп билдирди Британиянын премьер-министри Кир Стармер.
Британ өкмөтү Израил менен соода сүйлөшүүлөрүн токтото турууну чечти жана ал өлкөнүн Лондондогу элчисин Тышкы иштер министрлигине чакырды.
Европа Биримдиги Газадагы апаатка байланыштуу Израил менен саясий жана экономикалык байланыштарын кайра карап чыгарын билдирди.
Шерине