Орусиянын Екатеринбург шаарынын Борбордук райондук аскер соту 2022-жылдын март айында аскер комиссариатын өрттөгөн деп терроризмге айыпталган 27 жаштагы Алексей Рожковдун иши боюнча өкүм чыгарды. Ал 2022-жылы Кыргызстанда колго түшүрүлүп, 2023-жылы Орусияга депортацияланган.
Сот Рожковду 16 жылга эркинен ажыратты. Соттун өкүмүндө ал биринчи беш жылын абакта, калган мөөнөтүн күчөтүлгөн тартиптеги колонияда өткөрүшү керектиги жазылган.
Орусиялык маалымат каражаттары сот отурумунда Алексей Рожков аскер комиссариатынын имаратына өрт чыгарганын моюнга алып, бирок тергөөнүн ага коюлган "терроризм" беренесине макул эместигин билдирди. Рожков бул кадамын Орусиянын Украинанын аймагына кеңири масштабдуу кол салуусуна каршы аракети катары түшүндүрдү.
"Мен кимдир бирөөнүн жабыркашын каалаган эмесмин, андан пайда да издеген жокмун. Мени эч ким жалдаган жок. Бул аракетим менен адамдык абийир жана принциптердин негизи менен согушка каршы экенимди билдирдим", - деген Рожковдун пикирин "Медиазона" басылмасы жазды.
Айыптоочу тарап аны 19 жылга эркинен ажыратууну суранган. Прокурор сотто өрт учурунда адамдын ден соолугуна коркунуч туудурган "көп күйүүчү заттар" бөлүнүп чыкканын билдирген.
Рожковдун жактоочусу өрт чыгымы 1256 рублди түзгөнүн айтты.
Алексей Рожков 2023-жылы Кыргызстандан депортацияланып, Орусияга жеткирилген.
"Тилектештик аймагы" ("Зона солидарности") долбоорунун маалыматына караганда, Орусияда Рожков активисттердин арасынан алгачкылардан болуп согушка каршы чыккан. Ал каршылык иретинде 2022-жылы мартта аскер комиссариатына өрт койгон учурда кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген.
Башында ага карата "Бейбаштык жана өзгөчө мыкаачылык менен киши өлтүрүүгө аракет кылуу" беренесинин негизинде кылмыш иши козголгон. Тергөөчүлөрдүн айтымында, аскер комиссариатынын имаратында күзөтчү болгон жана бул тууралуу Рожков билген. Күзөтчү жабыркаган эмес, өрт өчүрүлгөн. Ошол эле маалда Рожковду кармаган полиция имаратта эч ким жок экенин билдирген.
Кийин Рожковго козголгон кылмыш ишиндеги берене өзгөртүлүп, ("Башка бирөөнүн мүлкүн атайылап жок кылуу аракети") активисттин бөгөт коргоо чарасы каралып, өлкөдөн чыкпоо тил каты менен бошотулган.
Орусиянын Башкы штабы "аскер комиссариаттарынын өрттөлүшү теракт катары караларын жана 15 жылга чейин эркинен ажыратуу жазасы болорун" жарыялагандан кийин Рожков Орусиядан кетүүнү чечип, 2022-жылдын декабрынын аягында Кыргызстанга келген.
Соттун өкүмү менен Рожковго интернеттеги сайттарга жана каналдарга администратор болууга тыюу салынганын, терроризмди актоо жана орус армиясы тууралуу фейк маалыматтарды таратуу жөнүндөгү айыптар ал Кыргызстанда жүргөн кезинде “Ходорковский LIVE” программасына курган маегинен кийин тагылганын "Медиазона" жазды.
Орусияда согуш башталган 2022-жылы 77 жолу аскер комиссариатын өрттөө аракети болгон. Аскердик комиссариаттарды өрттөдү деген шек менен козголгон айрым иштерде мындай аракеттер мүлккө зыян келтирүү жана бейбаштык катары квалификацияланган. Кийин аскер комиссариатына өрт койгондор үчүн терроризм боюнча бир топ олуттуу беренеге алмаштыра башташты.
Укук коргоочулар согушка каршы мындай аракеттер терроризмге жатпайт деп эсептешет жана мунун саясий жүйөсү бар экенин белгилеп жатышат. (AiA)
Шерине