Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Май, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 22:57

Бишкекте "Манастын" англисче котормосунун бет ачары өттү


Бексултан Жакиев иштеп чыккан "Манас" эпосунун кара сөз түрүндөгү варианты англис тилинде былтыр жарык көргөн.
Бексултан Жакиев иштеп чыккан "Манас" эпосунун кара сөз түрүндөгү варианты англис тилинде былтыр жарык көргөн.

Бишкекте бүгүн, 22-майда "Манастын" кара сөз түрүндөгү вариантынын англисче котормосунун бет ачары өттү.

Казы Дыйкамбаев атындагы дипломатиялык академияда уюштурулган иш-чарага кыргызстандык жана чет элдик илимпоздор катышты.

"Манас" эпосунун кыскартылган вариантын Кыргыз эл жазуучусу, драматург, жазуучу Бексултан Жакиев иштеп чыккан. Англис тилине Акылай Байматова которуп, филология илиминин кандидаты Алымжан Закиров рецензиялаган.

"Бугупресс" басма үйү басып чыгарган китептин алгачкы бет ачары былтыр, Германиянын Берлин шаарында өткөн.

Быйыл китепти Манас Улуттук Академиясы эпосту даңктоо максатында экинчи жолу басып чыгарган.

"Бугупресс" басма үйүнөн билдиришкендей, Бексултан Жакиев иштеп чыккан вариант балдарга түшүнүктүү, жатык тилде жазылган. 150 беттен турган китепте иллюстрациялар да камтылган.

Эпосту буга чейин кара сөз түрүндө жазуучу Ашым Жакыпбеков иштеп чыгып, ал кыргыз окурманына "Теңири Манас" деген аталыш менен таанымал.

Кыргыз оозеки жазма адабиятынын ичинен “Манас” эпосу биринчи болуп немис тилине которулган. Окумуштуу Василий Васильевич Радлов 1885-жылы “Манастын” 12 миң саптан ашкан вариантын немис тилине оодарып, Германиянын Лейпциг шаарында чыгарган.

“Манас” эпосу “Манас”, “Семетей” жана “Сейтек” үчилтигинен турат. Эпостун манасчы Сагымбай Орозбаковдон 1920-жылдары жаздырылып алынган 19 миң саптан жана манасчы Саякбай Каралаевден жаздырылып алынган 937 миңден ашуун саптан турган варианты классикалык болуп саналат.

2013-жылдын 4-декабрында “Манас”, “Семетей”, “Сейтек” үчилтиги ЮНЕСКОнун “Адамзат маданиятынын материалдык эмес маданий мурастарынын” тизмесине кирген.


Шерине

XS
SM
MD
LG