Тараптардын макулдашуусу
АКШ президенти Дональд Трамп Индия менен Пакистан аскердик тирешти токтоосуз, толук токтотууну макулдашканын 10-майда кечке жуук билдирди.
«Кошмо Штаттардын ортомчулугу менен болгон түндөгү узакка созулган сүйлөшүүлөрдөн кийин Индия менен Пакистан атышууну токтоосуз жана тез арада токтотууну макулдашканын кубануу менен жарыялайм», — деп жазды Трамп өзүнүн TruthSocial баракчасына.
АКШ президенти макулдашуунун чоо-жайын тактаган жок. Ал эки мамлекетти тең жүйөлүү кадамы үчүн куттуктады.
Американын мамлекеттик катчысы Марко Рубио мындан мурда эки мамлекеттин бийлик өкүлдөрү менен байланышып, сүйлөшүүлөрдө ортомчу болууну сунуштаганы кабарланган.
Пакистандын тышкы иштер министри Исхак Дар тараптар аскердик тирешти чукул токтотууну макулдашканын ырастады.
«Пакистан дайыма өзүнүн эгемендигин жана бүтүндүгүн коргоо менен аймактагы тынчтык менен коопсуздукка умтулуп келген», — деди ал.
Индиянын тышкы иштер министри Викрам Мисри: «Тараптар жергиликтүү убакыт боюнча саат 17:00дөн тартып жерде да, абада да бардык атышууларды, аскердик аракеттерди токтотот», - деп билдирди.
Мисринин айтымында, Пакистандын аскердик операцияларынын кол башчысы 10-майда күндүз индиялык кызматташына телефон чалып, тараптар жерде, абада жана деңиздеги атышууларды токтотууну, 12-майда жолугушууну макулдашкан.
АКШнын мамлекеттик катчысы Рубио Индия менен Пакистандын премьер-министрлери Нарендра Моди жана Шахбаз Шарифке "тынчтык үчүн жол таап, кеменгерлигин көрсөткөнү үчүн" ыраазылык билдирди.
Пакистандын билдирүүсү
10-майда эртең менен Пакистандын өкмөтү Индияга каршы «Баньян ун Марсус» (арабчадан которгондо «Бекем чеп») деп аталган чоң аскердик операция баштаганын жарыялап, муну "агрессияга жооп" деп мүнөздөгөн.
Бул жарыя Пакистандын армиясынын расмий өкүлү, генерал Ахмад Шариф Чоудри Индияны пакистандык аба базаларына, анын ичинде Исламабаддан 10 чакырым алыстыктагы Равалпиндиде жайгашкан Нур Хан базасына ракеталык чабуул койду деп айыптагандан бир сааттан кийин жасалды. Нур Хан базасы өлкөнүн аскердик командачылыгын штаб-үйү болуп саналат.
Чоудри "коргонуу максатында агрессияга чукул арада жооп кайтарыларын, Индиянын ракеталарынын көбү абадан коргонуу системасы менен жок кылынганын, өлкөнүн аба күчтөрүнүн объектилери зыян тартпаганын" айткан.
Исламабад 9-майда Индиянын ракеталары Пакистандын ар кайсы аймактарына кулаганын билдирген.
«Баньян ун Марсус» операциясынын алкагында Исламабад Индиянын аймагындагы көп сандаган стратегиялык жайларды бутага алууну көздөп жатканын пакистандык Geo TV каналы коопсуздук кызматындагы булактарына таянып кабарлаган.
Эки коңшунун соңку тиреши быйыл апрелде Кашмирдин Индия көзөмөлдөгөн бөлүгүндөгү кол салуудан кийин курчуп турган. 26 киши өлгөн окуядан кийин Индия Пакистанды туристтерге кол салган согушкерлерди колдойт деп айыптаган.
Пакистан муну четке каккан. Эки жумадан кийин, 7-майга оогон түнү Индия Кашмирдин Пакистанга караган аймактарына ракета жана артиллериялык чабуулун баштап, "Синдур" деп аталган кампаниясынын алкагында тогуз жайды бутага алганын жарыялады.
Пакистан 26 киши каза таап, 46 адам жараат алганын билдирип, соккуну "согуштук аракет" деп атады жана Индияга жооп кайтарууну убада кылган.
Кийинчерээк Дели Пакистандын армиясы Кашмирде Индия тарапты аткылаганын, анын натыйжасында жети киши өлүп, 30у жараат алганын маалымдады.
Акыркы конфликт башталгандан бери эки тарапта каза болгондор 50гө чукулдады. Коопсуздукка байланыштуу 200дөн ашуун аба каттамдары жана 18 аэропорт ишин убактылуу токтотуп, эл аралык рейстер жылды.
Индиянын чабуулу
Индия өзү баштаган ракеталык чабуулдар жоочулар менен байланышы бар буталарга жасалганын айтканы менен Пакистан муну четке каккан.
Пакистандын коргоо министри Хавижа Мухаммад Асиф 7-майда соккуга кабылган жайлардын баары - аскердик эмес объектилер экенин айтып, расмий Исламабад Индияга татыктуу жооп кайтарарын убада кылган.
Ага удаа эле пакистандык маалымат каражаттары Сринагар шаарындагы индиялык аскердик базага чабуул коюлганын кабарлашты.
Кашмир чөлкөмүнүн Пакистанга караштуу айрым райондорунда жарылуу болуп, жергиликтүү эл электрсиз калганы маалымдалды.
Чабуул Дели Исламабадды Кашмирдин Индия көзөмөлдөгөн бөлүгүндө туристтерге кол салган согушкерлерди колдойт деп айыптагандан эки жума өткөндөн кийин болду.
Ал кол салууда 26 киши каза тапкан. Пакистандын бийлиги Индиянын айыптоосун четке каккан.
Пакистандын армиясы сокку калктуу райондорго урулганын, Индиянын учактары өзүнүн аба мейкиндигинен учурулганын билдирди.
Индия болсо Пакистандын армиясы Кашмирдин экиге бөлүнгөн жеринде артиллерия менен аткылаганын маалымдады.
Шаршембиге караган түнү Пакистан армиясынын маалымат катчысы өз өлкөсү Индиянын беш согуштук учагын, анын ичинде француз өндүрүшүнөн чыккан Rafale тик учагын, эки советтик-орусиялык Су-30МКИ, МиГ-29 учактарын атып түшүргөнүн билдирди.
Дели Кашмирдеги эки бөлүнгөн аймактагы райондордо бардык окуу жайларын жапты. Пакистан да ал аймактарда жана баш калаа Исламабадда (бул жерге жакын жайгашкан) жана башка чектеш райондордо мектептерди жапты.
Эки өлкөнүн чек арасында акыркы күндөрү атышуулар болуп жаткан. Индия 2016, 2019-жылдардагы согушкерлердин кол салуусунан кийинки кадамындай эле Пакистанга аскердик жооп кайтарат деген божомолдор айтылып келди.
Дүйнө лидерлеринин чакырыгы
Чабуулдарга Вашингтон бушаймандык билдирди. АКШ президенти Дональд Трамп "согуштук аракеттер тез арада токтойт" деген үмүтүн айтты.
БУУнун баш катчысы Антониу Гутерриш тараптарды сабырдуулукка чакырды:
«Дүйнө Индия менен Пакистандын ортосундагы аскердик тирешүүгө жол бере албайт», — деди Гутерриш.
АКШнын мамлекеттик катчысы Марко Рубио Пакистандын улуттук коопсуздук боюнча кеңешчиси, Чалгын башкармалыгынын башчысы, генерал-лейтенант Асим Малик менен байланышып, кырдаалды талкуулады.
Рубио Индия менен да телефон аркылуу сүйлөшүп, конфликтти жөнгө салуу үчүн эки тарап менен тең өз ара аракеттерди улантарын белгиледи.
«Ал чыңалуунун күчөшүнө жол бербей, кырдаалды жөнгө салуу үчүн Индия менен Пакистандын лидерлеринин байланышына жол ачууга чакырууда», — деди АКШнын Улуттук коопсуздук кеңешинин төрагасы Брайан Хьюз.
Индия менен Пакистан бири-бирине чабуул коюп, эки өлкөнүн чек арасында куралдуу жаңжалдын башталышына Кыргызстан тынчсыздануусун билдирди. Расмий Бишкек Шанхай кызматташтык уюмунун (ШКУ) мүчөлөрү болгон Индия менен Пакистандын ортосундагы куралдуу кагылышуу аймактагы жана дүйнөдөгү туруктуулукка коркунуч жаратарын эскертти.
Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги (ТИМ) кыргызстандыктарды абал турукташканга чейин бул өлкөлөргө барбай турууну сунуштады.
22-апрелде Кашмирде болгон теракттан кийин эки коңшунун тиреши курчуп, тараптар аскерлерин толук даярдыкка келтирип, өктөм билдирүүлөрдү жасап келген. Чек арага жакын аймакта атышуулар токтобой, Индияда мусулмандардын үй-мүлкүнө жана өмүрүнө кол салган учурлар катталды, Пакистан коңшусунун армиясы жакын арада өз аймагына бастырып кириши мүмкүн экенин айткан.
Кашмир чыры - араб-израилдикиндей дүйнөдөгү мурдатан келаткан, татаал жана кооптуу чатактардын бири. Ал ондогон жылдарга созулуп, бирде тынчып, бирде курчуп келди.
XXI кылымда Кашмир үчүн тутанган индия-пакистан чыры эки мамлекет тең өзүнүн өзөктүк куралын жаратып, аскердик кубатын жигердүү чыңдап жатканы үчүн кооптонууга негиз болууда.
Индия жана Пакистандын куралдуу күчтөрүнүн канча өзөктүк дүрмөтү бар экени белгисиз. Бирок так эмес маалыматтарда Индияныкы кеминде 180ге жакын. Пакистандыкы 2023-жылы 170тен кем эмес экени айтылган.
2019-жылы эле индия өкмөтү түндүктөгү Жамму жана Кашмир аймагын өзгөчө макамдан ажыраткан, анда да Пакистан өзүнүкү катары талашып, өкмөтү жок өнөктөш аймак катары эсептеген бул чөлкөмдө 22-апрелдегиге окшош ири кол салуу болгон.
Индиялык 45 аскер жана полиция кызматкери каза тапкандан кийин Дели менен Исламабаддын тиреши аз жерден согушка айланып кете жаздыган, ошондогу чыңалган кырдаал азыр да сакталып турат.
Бардык негизги окуялардын тамыры тереңге кетип Индия менен Пакистандын, Кытай менен Ооганстандын ортосунда жайгашып, "Дүйнөнүн чатыры" атка конгон Гималай өрөөнүндөгү чиеленишкен тарыхы бар Кашмирге такалат.
Ондогон жылдардан бери Кашмир уйдун бөйрөгүндөй бөлүнүп, талаштын, атышуунун, жоочулардын кол салуусунун, Дели, Исламабад жана Бээжинди тириштирген чырдын очогу бойдон калып келет.
Жамму жана Кашмир Индиянын мусулмандар басымдуулук кылган жалгыз бөлүгү.
Коркунуч күч экенине карабай Кашмир өрөөнүнөн туристтер үзүлбөйт, миллиондогон индуист жана буддисттер Индиянын өзүнөн да, коңшу мамлекеттерден да келип турат. Алар Улуу Моголдор империясынан калган гүлбактарды, байыркы храмдарды жана ыйык жайларды, ириде дүйнөдөгү бардык индуисттер үчүн касиеттүү саналган Вайшно-деви жана Амарнатха үңкүрүн көргөнү барышат.
Коркунуч күч экенине карабай Кашмир өрөөнүнөн туристтер үзүлбөйт, миллиондогон индуист жана буддисттер Индиянын өзүнөн да, коңшу мамлекеттерден да келип турат. Алар Улуу Моголдор империясынан калган гүлбактарды, байыркы храмдарды жана ыйык жайларды, ириде дүйнөдөгү бардык индуисттер үчүн касиеттүү саналган Вайшно-деви жана Амарнатха үңкүрүн көргөнү барышат.
Индия-Пакистан алакасы 22-апрелде төрт террорчу Индиянын көзөмөлүндөгү Пакистан менен чектеш Пахалгамда 26 зыяратчы-туристти (Индиянын 25 жана Непалдын бир жаранын) өлтүргөндөн кийин курчуп кетти.
Теракт үчүн жоопкерчиликти салафтардын "Каршылык фронту" аттуу уюшкан тобу алды, ал 2019-жылы Пакистанда жайгашкан Түштүк Азиядагы эң коркунучтуу жана ири "Лашкар-е-Тайба" террордук тобунун бутагы катары пайда болгон. Кол салган төрт адамдын экөө пакистан жараны экени айтылууда.
29-апрелде Индиянын жана Пакистандын жердеги армиясынын ортосунда мурдагыдай "Көзөмөл чегинде" эмес, расмий эл аралык чек арасында масштабдуу кагылышуулар башталды. Индия 30-апрелден бери дегенде 23-майга чейин Пакистандын бардык рейстери үчүн аба мейкиндигин жапты.
Ага чейин Индиянын бийлиги мамлекеттер үчүн өтө маанилүү "Инд суусунун келишимин" бир тараптуу токтоторун жарыялап, пакистандык дипломаттарды кетирип, бул өлкөнүн жарандарына берилген визаларды жокко чыгарды жана өз жарандарын Пакистандан чыгып кетүүгө чакырды. Азырынча Индиядан 1400дөй пакистандык мекенине кайтып барса, эки миңдей индиялык үйүнө кайтып келди.
Буга жооп катары Исламабад индиялык авиакомпаниялар үчүн аба мейкиндигин жаап, эки тараптуу соода алакасын токтотту. Пакистандын Коргоо министрлиги Хаваджа Мухаммад Асиф өткөн жумада Индиянын аскерлери бастырып кире турганын ачык жарыялаган.
Кашмирди бөлүп алуу эч кандай расмий макулдашуу менен бекитилген эмес, ошол себептүү 1947-жылы картада көз карандысыз Индия жана Пакистан пайда болгондон бери анын туш тарабы мамлекеттер ортосундагы чыңалуунун очогу болуп келет.
1947-1949-жылдары болгон согуштун жыйынтыгында Индия аймактын үчтөн эки аймагына ээ болсо, калганы Пакистандын карамагында калган.
Тарыхта Индия менен Пакистандын ортосунда үч чоң согуш жана бир канча майда кагылышуулар болгон, анын ичинде Биринчи индия-пакистан согушу (Биринчи Кашмир согушу 1947-1949-жж.), Экинчи индия-пакистан согушу (Экинчи Кашмир согушу 1965-жыл) жана Үчүнчү индия-пакистан согушу (1971-жылы болгон согуш Бангладештин көз карандысыздык алышына көбүрөөк байланыштуу).
1984-жылы Кашмирде Сиачен мөңгүсүнө жакын жерде чек ара кагылышы орун алып, ал 2003-жылы ок атышууну токтотуу келишими кабыл алынгандан кийин гана тынчыган. 1999-жылы Пакистан Каргил согушун баштап, ал мурдагылардай масштабдуу болгон эмес. Исламабад бул согуштарга армиясы катышпаганын дайыма белгилеп келет.