Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 23:37

Блогер Айтилек Орозбеков үй камагына чыгарылды


Айтилек Орозбеков. Чүй облусунун ички иштер башкы башкармалыгы тараткан сүрөт.
Айтилек Орозбеков. Чүй облусунун ички иштер башкы башкармалыгы тараткан сүрөт.

Тейлөө тармагында мамлекеттик тил тууралуу талапты сактоо жөнүндөгү видеолорду чыгарып жүргөн блогер Айтилек Орозбеков үй камагына чыкты. Анын бөгөт чарасы 8-майда Бишкектин Свердлов райондук сотунда каралды.

Чүй облустук милициясынын Тергөө кызматы блогерди камакка алуу тууралуу өтүнүч келтирген, бирок сот аны канааттандыруудан баш тартып, үй камагына алуу тууралуу чечим чыгарды.

Орозбеков 6-майда кармалганын, 15-апрелде социалдык түйүндөрдө жүргүзүлгөн мониторингде ал өзүнүн атынан ачылган Ютуб каналда улут аралык кастыкты козутканы тууралуу факт аныкталганын, андагы видеолор соттук экспертизага жөнөтүлгөнүн Чүй облусунун ички иштер башкы башкармалыгы 7-майда билдирген.

Экспертиза “улут аралык кастыкты козутууну пропагандалоо белгилери камтылган” деген жыйынтык чыгарып берип, Кылмыш-жаза кодексинин “Расалык, этностук, улуттук, диний же региондор аралык кастыкты (араздашууну) козутуу” беренеси менен кылмыш иши козголгону маалым болгон.

“Тергөө иштеринин жүрүшүндө А.О. аттуу жаран 50дөн ашык мекемени өзүм билемдик менен текшерүүгө алып, бир тараптуу жыйынтык чыгарып, улут аралык кастыкты козутуу белгилеринин негизинде ишмердүүлүгүн жүргүзүп келгендиги аныкталган жана ошондой эле тергөө иштеринин жүрүшүндө А.О. аттуу жарандын буга чейин да (массалык башаламандык фактысы боюнча) соттуулугу бар экени такталган”, - деп айтылган.

2024-жылы 2-ноябрда Айтилек Орозбековду Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) кармап, “Бийликти күч менен басып алууга ачык чакырыктар” беренеси менен айып койгон. Өзүн Айтилек Орозбековдун досу катары тааныштырып, атын ачык айтпоону суранган адам ал TikTok социалдык түйүнүндөгү видеого байланыштуу кармалганын айткан. Бишкектин Биринчи май райондук соту бул иш боюнча Айтилек Орозбековго быйыл 9-январда өкүм чыгарып, 70 миң сом айып салган.

Орозбековдун Ютуб каналында 15 миңден ашык катталуучу бар. Ал соода борборлорун, коомдук тамактануучу жайларды кыдырып элди кыргыз тилинде тейлөөгө чакырган видеолорду чыгарып келаткан. (BTo)

Шерине

XS
SM
MD
LG