Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 17:01

АКШ Йемендеги мунай портуна сокку урду, хуситтер 20 киши набыт болгонун билдирди


Ходейда портундагы мунай кампаларында тутанган өрт. Йемен, июль айы. (архивден алынган сүрөт)
Ходейда портундагы мунай кампаларында тутанган өрт. Йемен, июль айы. (архивден алынган сүрөт)

Кошмо Штаттардын аскер күчтөрү 18-апрелде Йемендин батыш жээгиндеги хуситтер көзөмөлдөгөн Рас-Исса мунай портуна абадан сокку урду.

Хуситтер тараткан маалыматка ылайык, чабуулдан 20 адам каза болуп, 50дөн ашуун киши жараат алды. Маркумдардын арасында тез жардамдын кызматкерлери да бар.

АКШнын Борбордук командачылыгы (CENTCOM) билдиргендей, операциянын максаты Иран колдогон күйүүчү май менен камсыздаган булагын жок кылуу менен хуситтердин экономикалык мүмкүнчүлүгүн чектөө болгон.

"Бул сокку Йемен элине багытталган эмес. Биздин максат хуситтердин запкысынан арылууну каалаган карапайым калкка жардам берүү", — деп жазылган CENTCOM тараткан билдирүүдө.

Бул операция АКШ президенти Дональд Трамп 15-мартта баштаган кеңири аскердик кампаниянын бир бөлүгү. Ал хуситтердин Кызыл деңиз жана Аден булуңундагы жарандык жана аскердик кемелерге жасаган чабуулдарын токтотууга багытталган.

Хуситтердин чабуулдары Суэц каналы аркылуу эл аралык соода жолдоруна олуттуу тоскоолдук жаратып, көптөгөн кемелерди Африканын түштүк жээги аркылуу айланып өтүүгө аргасыз кылган.

Хуситтер аба чабуулун айыптап, “Йемендин эгемендигине жана көз карандысыздыгына болгон одоно кийлигишүү” деп аташты.

“Бул карапайым тургундар үчүн маанилүү мунай портуна жасалган түздөн-түз чабуул. "Рас-Исса" порту ондогон жылдардан бери йемен элине кызмат кылып келген”, — деп айтылат хуситтерге караштуу SABA маалымат агенттиги тараткан билдирүүдө.

Мындан тышкары, АКШнын Мамлекеттик департаментинин өкүлү Тэмми Брюс Кытайдын хуситтер менен байланышы тууралуу билдирүү жасап, Chang Guang Satellite Technology Company компаниясы аларга түз колдоо көрсөтүп жатканын белгиледи.

“Бул Кытайдын ‘тынчтыкты колдойбуз’ деген куру убадасынын дагы бир далили” - деди Брюс 17-апрелде журналисттерге.

Шерине

XS
SM
MD
LG