Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Апрель, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 20:00

Кыргыз-тажик чек арасына зым тартуу иши башталды


Баткенде кыргыз-тажик чек арасына зым тартуу иши башталды. 29-апрель, 2025-жыл.
Баткенде кыргыз-тажик чек арасына зым тартуу иши башталды. 29-апрель, 2025-жыл.

29-апрелде Кыргызстандын, Өзбекстандын жана Тажикстандын чектешкен жериндеги Стелла аймагында, тагыраагы Баткен районунун Төрт-Гүл айыл аймагынын Кошмоло жерлигинде кыргыз-тажик чек арасына зым тартуу иштери башталды. Бул тууралуу президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы билдирди.

Чек араны тосуу иштери үчүн бул аймакка атайын талаа шаарчасы курулуп,чек арачылар үчүн шарттар түзүлгөн. Атайын техникалар алынып келинген. Биринчи этапта 420 км аралыкта кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасына зым тартылат. Чек арага зым тартуу иштерин ушул жылдын аягына чейин бүткөрүү пландалган.

Демаркация иштерин баштоого Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиев онлайн форматта катышып, старт берди.

13-мартта Бишкекте президенттик администрациянын “Ынтымак ордо” имаратында Кыргызстан менен Тажикстандын мамлекеттик чек арасы жөнүндөгү келишимге эки өлкөнүн президенттери – Садыр Жапаров менен Эмомали Рахмон кол койгон. Алар чек ара келишимин “тарыхый” деп баалашкан.

Кыргызстан менен Тажикстандын президенттери - Садыр Жапаров жана Эмомали Рахмон 31-мартта Тажикстандын Кожент шаарында ратификациялык грамоталар менен алмашуу жөнүндө протоколго кол коюшкан. Бул документ алмашуу менен чек ара тактоодогу делимитация процесси толук бүткөн.

Расмий маалымат боюнча, Кыргызстан менен Тажикстандын ортосундагы мамлекеттик чек аранын жалпы узундугу 1006,84 чакырымды түзөт. Анын ичинен 519,9 чакырым чек ара сызыгы 2011-жылга чейин такталып, жазылып, өкмөттүк делегациялар бекиткен. Ал эми калган 486,94 чакырым тилкеси акыркы үч жыл ичинде такталды.

Чек ара такталбагандыктан буга чейин суу, жер, жол, жайыт талаштан улам аймакта көп чыр-чатактар чыккан. 2021-жылы апрель-май жана 2022-жылы сентябрь айларында кандуу кагылышуулар болгон. (BTo)

Шерине

XS
SM
MD
LG