Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев Түркияда кармалган кыргызстандык мугалим Азамат Нурмат уулунун укугун коргоо боюнча президент Садыр Жапаровго кат жазганын айтты. Бул тууралуу ал Телеграмдагы каналына билдирүү калтырды.
Ал Тышкы иштер министрлигине (ТИМ) Азамат Нурмат уулун Кыргызстанга өткөрүп алуу тууралуу демилге көтөрүү сунушун бергенин, бул маселе эки өлкөнүн президенттеринин кийлигишүүсү менен гана чечилерин кошумчалады.
28-апрелде Кыргызстандын тышкы иштер министринин орун басары Алмаз Имангазиев Азамат Нурмат уулу диниятчы Фетхулла Гүлендин “Хизмет” (Түркия “Фетхуллачы террордук уюм” деп жарыялаган) кыймылына байланыштуу кармалганын билдирген.
Азамат Нурмат уулунун жакындары “Азаттыкка” берген маалыматка ылайык, ал 20-апрелде Бишкектеги Zeen education борбору аркылуу Түркиянын Анталия шаарына алты окуучусун математика сабагы боюнча эл аралык олимпиадага алып баратканда, аны Стамбул аэропортунан чек ара кызматкерлери кармап калган.
Кыргызстандын Билим берүү жана илим министрлиги Zeen Education компаниясы менен 20-апрелде Кыргызстандан 36 окуучу, 4 ата-эне жана 3 мугалимден турган делегация олимпиаданын уюштуруучуларынын чакыруусу менен Анталияга барганын кабарлаган. Окуучулар жана башка мугалимдер 25-апрелде Кыргызстанга кайтып келди.
32 жаштагы Азамат Нурмат уулу азыркы “Маариф” мурдагы “Сапат” эл аралык билим берүү мекемесинде соңку сегиз жылдан бери эмгектенип келаткан. Ушул тапта “Маарифтин” Ысык-Көлдөгү Кусеин Карасаев балдар лицейинин математика мугалими болуп иштеп жаткан. Өзү да “Сапатка” караштуу Кызыл-Кыядагы Исхак Раззаков атындагы лицейин 2010-жылы аяктаган. Түркиянын Газиантеп универститетинин математика факультетин бүтүргөн.
2016-жылы 15-июлда Түркияда мамлекеттик төңкөрүш аракети жасалып, буга байланыштуу үч жүздөн ашык адам набыт болгон. Түрк өкмөтү бул төңкөрүш аракети үчүн Фетхулла Гүленди күнөөлөп, Вашингтондон аны өткөрүп берүүнү талап кылган жана анын кыймылын ФЕТО (“Фетхуллахчы террордук уюм”) деп жарыялаган. Гүлен өзү жана анын тарапкерлери дооматтарды четке кагып, төңкөрүш аракетин бийлик өзү атайылап уюштурган деп жооп кайтарган. Фетхулла Гүлен 2024-жылдын октябрь айында 83 жашында АКШда каза болгон.
2024-жылы 31-декабрда Кыргызстандагы “Сапат” билим берүү мекемеси Түркиянын “Маариф” фондуна өткөнү белгилүү болгон. “Сапат” 1-январда лицейлеринин Түркиянын “Маариф” фондуна өткөрүлүшүндө мыйзам бузуу болгонун жана “өз укугун мыйзам негизинде, эл аралык укук талаптарына ылайык коргоо боюнча аракет көрөрүн” билдирген.
Түркиянын Билим берүү министрлигине караштуу “Маариф” фонду (Türkiye Maarif Vakfı) 2016-жылы түзүлгөн. Уюм 2021-жылы Бишкекте фонддун биринчи мектебин ачкан.
Түрк бийлиги 2016-жылы диний аалым Фетхулла Гүленге таандык деп эсептелген билим берүү мекемелеринин ишин токтотууну Кыргызстандан талап кылган. Расмий Бишкек түрк лицейлери өлкөгө эч кандай коркунуч келтирбей турганын билдирген соң эки өлкөнүн мамилеси сууй түшкөн.
2017-жылы Кыргызстанда 1992-жылдан бери иштеп келе жаткан “Себат” билим берүү мекемелери бийликтин чечими менен “Сапат” болуп өзгөргөн. Анын жетекчиси Орхан Инанды 2021-жылы Кыргызстандан уурдалып, Түркияда соттолгон. (BTo)
Шерине