Бул тууралуу Кыргызстандын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен кабарлашты.
Маалыматка ылайык, өткөн апта соңунда Казакстанда Чүй жана Талас дарыяларындагы суу чарба объекттерин пайдалануу боюнча эки өлкөнүн комиссиясынын жыйыны өткөн.
Кыргыз делегациясын суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Бакыт Төрөбаев жетектеди, ал эми Казакстандын делегациясын Суу ресурстары жана ирригация вице-министри Нурлан Алдамжаров жетектеген. Анын жүрүшүндө Чүй жана Талас дарыяларындагы мамлекеттер аралык объектилерден суу алуу графиктери, анын көлөмү, аларды каржылоо маселеси талкууланды.
Жолугушуу жыйынтыгында комиссиясынын протоколуна кол коюлган. Ага ылайык, Кыргызстан 2025 -жылдын сугат мезгилинин алкагында Казакстанга 580 миллион метр куб суу берет. Анын ичинде Талас дарыясы боюнча 400 миллион, Чүй дарыясы боюнча дагы 180 миллион метр куб суу берилет.
Кыргызстан менен Казакстан суу-энергетикалык тармагында да тыгыз кызматташат. Нарындан чыгып, Орто-Токой суу сактагычы аркылуу чек арадан ары аккан Чүй дарыясынын 48% Казакстанга, 52% Кыргызстанга таандык деп эсептелет. Эки тараптуу келишимдерге ылайык, сугат мезгилинде 80% чейинки бөлүгүн Кыргызстан колдонот. Таластагы Киров суу сактагычынын суусунун 30% кыргыз тарап алса, калганын казак дыйкандары алат. Сууну чогуу пайдаланганы үчүн Орто-Токой жана Киров суу сактагычтарынын техникалык оңдоо иштерине казак бюджетинен да каражат берилип турат.
Шерине