Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Апрель, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 17:46

Министр Орунтаев курулушка лицензияны өкмөттөн түз алууну сунуштады


Бишкектеги курулуштардын бири. Иллюстрациялык сүрөт.
Бишкектеги курулуштардын бири. Иллюстрациялык сүрөт.

Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министри Нурдан Орунтаев Кыргызстанда лицензия жана сертификация жаатындагы реформалар толугу менен аягына чыкканын билдирди.

Бул тууралуу Фейсбуктагы баракчасына жазып, бирок айрымдар мурда алынган лицензияларды 200-300 миң долларга чейин сатууга аракет кылып жатканын кошумчалады. Ушундан улам курулуш жаатында иштеген компания ачам дегендерге, инвесторлорго кайрылып, ушул тапта лицензиянын баасы – эң көп дегенде 17 200 доллар экенин, бул акча түз мамлекеттин эсебине түшөрүн айтты.

“Эч кандай бюрократия жок, кезек күтүүлөр жок, болгону алты документ тапшырсаңыздар жетиштүү. Лицензия 10 күндүн ичинде берилет. Ал эми чет өлкөлүк инвесторлорду алдап лицензия саткандарга эскертүү: сатылган лицензиялар жокко чыгарылат жана алдоо фактысы боюнча укук коргоо органдарына кайрылабыз”, - деди ал.

Кыргызстанда лицензия алып, бирок иштебей отурган же уруксат кагаздарын башкаларга сатуу менен алектенген деген негиз менен 2024-жылдын соңунда 800дөн ашык курулуш компаниясынын лицензиясы токтотулган.

Өлкөдө мамлекеттик мекемелердин тиешелүү уруксат документтери жок турак жайларды, ар кандай имараттарды салып алган компаниялар бар. Алардын көбүндө адамдар жашап жатат. Буга байланыштуу аларды мыйзамдаштырууда маселелер жаралган. (BTo)

Шерине

XS
SM
MD
LG