Кыргызстандын коопсуздук кеңешинин катчысы Марат Иманкулов Орусиядан С-300 зениттик-ракеталык системасынын келиши күтүлүп жатканын “Азаттыкка” ырастады.
“Абадан коргонуу системасы деп Орусия менен сүйлөшүп жатпадык беле? Ошол иш уланып жатат. Бул Кыргызстанга келди болушу керек. Тагыраак маалыматты Коргоо министрлиги берет”, - деди Иманкулов.
Ал буга чейин "Известия" басылмасына да бул боюнча маалымат берип, коргонуу системасы Кыргызстандын аймагына киргенин жана 8-майда Бишкектин борбордук аянтында өтчү парадда бул техника көрсөтүлүшү мүмкүн экенин билдирген.
Кыргызстандын С-300 зениттик ракеталарды алары президент Садыр Жапаровдун 2021-жылы февралда Орусияга иш сапары учурунда белгилүү болгон. Бул системадан канча даана берилгени тууралуу маалымат жок.
С-300 зениттик ракеталык система Совет мезгилинде, 1979-жылы иштелип чыккан. Бул абадан коргонуу системасы Орусия жана бир канча өлкөдө колдонулат.
Шерине