Түркиянын парламентинин төрагасы Нуман Куртулмуш Бишкекке расмий сапар менен келди. Бул тууралуу кыргыз парламентинен кабарлашты. Сапардын алкагында Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Тургунбек уулу менен жолугуп, эки өлкө ортосундагы мамилени талкуулады.
Анын жүрүшүндө эки өлкө ортосундагы соода жүгүртүүнүн көлөмүн 5 миллиард долларга жеткирүүнүн жол-жобосу талкууланган. Нурланбек Тургунбек уулу 150 кыргыз жаранын түрк ооруканаларында акысыз дарылоо боюнча макулдашууну кайрадан улантып, квотанын көлөмүн 500гө чейин көбөйтүүнү сунуштады.
Нуман Куртулмуш "Ата-Бейит" тарыхый-мемориалдык комплексинде 1916-жылдагы Үркүн окуясынын жана сталиндик репрессиянын курмандыктарына арналган эстеликке гүлчамбар койду.
Түрк парламентинин төрагасынын сапары Стамбулда кыргызстандык мугалим Азамат Нурмат уулунун кармалган учурунда туш келди. “Маариф” фондуна таандык (мурдагы “Сапат” мекемеси) мектептин мугалими Нурмат уулу 20-апрелде Түркиянын Анталия шаарына алты окуучусун математика сабагы боюнча эл аралык олимпиадага алып баратканда, Стамбул аэропортунан чек ара кызматкерлери кармап калган. 28-апрелде Кыргызстандын тышкы иштер министринин орун басары Алмаз Имангазиев Нурмат уулу диниятчы Фетхулла Гүлендин “Хизмет” (Түркия “Фетхуллачы террордук уюм” деп жарыялаган) кыймылына байланыштуу кармалганын билдирди. Буга чейин Азамат Нурмат уулунун жакындары кыргыз бийлигине кайрылып, мугалимди камактан бошотууну суранышты.
Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги мугалимдин кармалышына байланыштуу 24-апрелде Түркиянын Кыргызстандагы элчилигинин консулуна вербалдык нота тапшырган.
Шерине