Орусиянын федералдык коопсуздук кызматы (ФСБ) 25-апрелде Москванын сыртында киши колдуу болгон генерал-лейтенант Ярослав Москаликтин өлүмүнө шектүү деп Игнат Кузин кармалганын ишембиде билдирди.
ФСБнын маалыматына ылайык, Кузин 1983-жылы Украинанын Сумы облусунда туулган, анын кошуна өлкөдө туруктуу жашоого уруксаты бар.
Тергөө билдиргендей, Кузин генерал Москалик жашаган үйдүн алдында турган машинеге жарылуучу затты орноткон.
ФСБ ырастагандай, Украинанын атайын кызматынын өкүлдөрү ага жашыруун жерде жардыруучу заттарды даярдап берген. Аларды Кузин машинеге койгон соң жардыруу Украинанын аймагынан ишке ашырылган. Генерал Москалик Балашиха шаарындагы өз үйүнөн чыгып, машиненин жанынан өтүп баратканда жардыруу болуп, ошол жерде үзүлгөн.
Кузинди Москвага Тергөө комитетине суракка алып келишкени кабарланды. Шектүү терактка жана жардыруучу заттарды мыйзамсыз колдонгон деп айыпталууда.
Москалик Орусиянын аскер жетекчилигинде чоң фигура болгон. Ал 2015 жана 2019-жылдары Украинаны талкуулаган "Норманд форматындагы" сүйлөшүүлөргө катышкан. Ошондой эле 2018-жылы Сирия президенти Башар Асад менен жолугушууга катышкан деген маалымат бар. Бирок анын Украинадагы согушка түздөн-түз катышканы тууралуу расмий маалымат жок.
Акыркы айларда ушуну менен Орусияда экинчи жогорку даражалуу генерал киши колдуу болду. 2024-жылдын декабрында Москвада генерал-лейтенант Игорь Кириллов скутерге коюлган бомба жарылганда каза тапкан. Ал үчүн жоопкерчиликти Украинанын чалгын кызматы мойнуна алган.
Украина тарап Москаликтин өлүмү боюнча комментарий бере элек.
Шерине