Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Апрель, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 00:12

Азамат Юсупов динди саясий, коммерциялык максатта колдонууга жол берилбесин билдирди


Азамат Юсупов.
Азамат Юсупов.

Дин иштери жана этностор аралык мамиле боюнча улуттук агенттиктин төрагасы Азамат Юсупов Кыргызстанда динди саясий жана коммерциялык максатта манипуляция кылууга жол берилбей турганын билдирди.

Бул тууралуу 26-апрелде Бишкекте өткөн Кыргызстан мусулмандарынын 9-курултайында сүйлөп жатып айтты.

“Диний башкаруу борборлоштурулуп, бул аркылуу муфтияттын коомдогу ролу бекемделет. Мечиттерди каттоо процедурасы жеңилдетилет. Расмий дин кызматкерлерине мамлекеттик деңгээлде көңүл бурулат. Ошону менен бирге диний чөйрө, анын ичинде динди жайылтуу иштери системалаштырылып, иретке келтирилет”, - деди Юсупов.

Курултайда Кыргызстан мусулмандарынын Аалымдар кеңешинин мүчөлөрүнүн саны 21ден 25ке көбөйтүлүп, кеңештин жаңы курамы шайланды. Аалымдар кеңешинин төрагалыгына Замир Ракиев кайра сунушталып, колдоо тапты.

Президент Садыр Жапаров быйыл январь айында “Дин тутуу эркиндиги жана диний бирикмелер жөнүндө” мыйзамга кол койгон. Бул документке ылайык, үймө-үй кыдырып даабат айткандарга, коомдук жайларда жүзүн жашырган кийим кийгендерге 20 миң сомдон айып пул салынат. Ушул тапта бул мыйзамдын аткарылышы боюнча жер-жерлерде түшүндүрүү иштери жүрүп, айрымдарга эскертүү берилүүдө. Социалдык тармактарда бул аракеттерге нааразы болуп пикир жазгандар жок эмес.

Бул пикирлер боюнча президент Жапаров “Кабар” агенттигине маек берип, жүзүн жаап жүргөндөр боюнча чечим коопсуздук үчүн зарыл экенин түшүндүргөн.

Былтыр 21-декабрда Элдик курултайда мындан ары ар бир мечитте битир-садага чогултууга QR-коддор коюлуп, каражат муфтияттын эсебине түшө турган система түзүлөрүн билдирген.

Жапаров келерки жылы март айынан тарта имамдарга 8 миң сомдон маяна берилерин, жылдын соңуна чейин ал сумма 20 миң сомго көтөрүлөрүн билдирген.

Өлкөдө азыр 4 миңдей мечит бар. (TAb)

Шерине

XS
SM
MD
LG