26-апрелде Ватиканда өткөн Рим папасы Францисктин тажыясына Кыргызстандын атынан Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары, юстиция министри Аяз Баетов жетектеген делегация катышты. Бул тууралуу кыргыз өкмөтүнөн билдиришти.
Ватиканга 50дөн ашуун өлкө жетекчилери, анын ичинде АКШ, Аргентина, Франция, Германия, Италия, Польша, Филиппин, Финляндия жана Украинанын лидерлери, Британиянын жана Жаңы Зеландиянын өкмөт башчылары барды.
Ошондой эле ондон ашуун падышалык үй-бүлө мүчөлөрү, 150 өлкөнүн өкүлдөрү, 224кө жакын кардинал жана 750 епископ, диниятчы катышты.
Ватикандагы Ыйык Петр аянтына миңдеген киши чогулуп, Папа Франциск менен коштошту. Анын сөөгү Римдеги Санта-Мария-Мажоре базиликасына коюлду.
Кыргызстан менен Ватикан дипломатиялык алака-катыш түзгөнүнө 30 жылдан ашты. Бул маалда жогорку деңгээлде бир катар расмий сапарлар уюштурулган. Былтыр 4-октябрда Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров Ватиканда Папа Франциск менен жолуккан.
Рип папасы Кыргызстандын көп улуттуу жана көп конфессиялуу коомду колдоо саясатын жогору баалап, бул баалуулуктарды сактоонун маанилүүлүгүн белгилеген.
Кыргызстандагы католиктердин саны 600гө жакын экени маалым.
Шерине