26-апрелде Украинанын президенти Владимир Зеленский менен АКШнын президенти Дональд Трамп Ватиканда Рим папасы Францисктин тажыясынын алдында жолукту. Алар Ыйык Петр соборундагы мармар залда бетме-бет отуруп сүйлөштү.
Украин президентинин кеңсе башчысы Андрей Ермак эки лидердин сүрөтүн жарыялап, "конструктивдүү" деп жазды.
Буга чейин 28-февралда Трамп менен Зеленский Ак үйдө жолугуп, эл алдында кайым айтышкандан кийин эми кездешти. Анда Вашингтон менен Киев пландаган сейрек металлдар боюнча макулдашууга кол коюлбай калган.
Ак үйдүн коммуникация боюнча директору Стивен Чунг эки лидер "жекече жолугуп, жемиштүү сүйлөшүү жүргүзгөнүн" билдирди.
Зеленскийдин маалымат катчысы Сергей Никифоров эки президент 15 мүнөт сүйлөшкөнүн айтып, ушул эле күнү алар дагы жолугарын билдирген. Бирок кийинчерек экөөнүн тең иши көп болгондуктан жолугушуу уланбай калганын жарыялады.
Зеленский Ватикандагы тажыядан кийин "Биз талкуулаган нерселерден жыйынтык чыгарына үмүттөнөм. Адамдардын өмүрүн коргоо керек. Ок атууну талкуусуз жана толук токтотуу. Жаңы согушка жол бербеген ишенимдүү жана бекем тынчтык", - деп Х тармагына жазды. "Эгер биз бирге жыйынтыкка жете алсак, анда бул тарыхый мааниси бар өтө бир символикалык жолугушуу болот".
Украин президенти Ватикандагы "жакшы маанайдагы жолугушуу" үчүн Трампка ыраазычылык билдирди.
Буга чейин Трамп социалдык тармактагы постунда Украинадагы согушту токтотууга "аз калганын" билдирип, Зеленскийди "аны ишке ашырууга" үндөгөн. Согушту токтотууга жакынкы арада жетишилбесе Вашингтон Киев менен Москва ортосундагы сүйлөшүүдөн баш тартарын билдирген.
25-апрелде Трамптын атайын чабарманы Стив Уиткофф Орусиянын президенти Владимир Путин менен Кремлде жолугушкан.
Тажыядан кийин Трамп Truth Social платформасына Путинди сындап жазды. Украинанын жарандык жайларына сокку урганы Орусиянын банктарына же санкциялардын экинчи айлампасын салууга мажбур кыларын белгиледи.
"Соңку бир нече күндө Путиндин эл жашаган аймактарды, шаарларды жана айылдарды ракета менен аткылоосуна эч кандай себеп жок болчу. Мындан улам балким анын согушту токтотуу ниети жокпу, мени жөн гана сөз менен жайгарып жатабы деген ойго түртөт", - деп Трамп жазды.
Ушуну менен соңку күндөрү Трамп Путинди экинчи жолу ачык сындады. 24-апрелде Киев жапырт чабуулга кабылгандан кийин америкалык лидер Путинди сокку урууну токтотууга чакырган.
26-апрелде Кремлдин маалымат катчысы Дмитрий Песков Путин Вашингтондун чабарманы Уиткофф менен жолукканда Москва Киев менен алдын ала шарт койбостон сүйлөшүүлөргө даяр экенин айтканын билдирди.
Шерине