Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Апрель, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 03:55

АКШда Мелис Маматов эл аралык шахмат турниринде жеңүүчү болду


Мелис Маматов
Мелис Маматов

17-21-апрель күндөрү Сент-Луис шаарында өткөн мелдештин финалында Украина, Нидерланд, АКШ жана Кыргызстандын шахматчылары беттешти.

Мелис Маматов 5 оюндан 4 упай топтоп, украиналык Илья Нижник жана нидерланддык Вениамин Бок менен биринчи орунду бөлүштү.

АКШда өткөн эл аралык турнирди америкалык меценат Рекс Синкфилд уюштурган.

Ошондой эле Маматов Германиядагы шахмат бундеслигасына катышууга чакыруу алды. Ал 2025-2026-жылкы сезондо «Вольфхаген» клубунун атынан таймашат.

Маматов - спорт чебери. Ал Испанияда, Словакияда, Орусияда жана Шри-Ланкада өткөн эл аралык турнирлерде жеңген. (MiK)

Шерине

XS
SM
MD
LG