Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:30

Орусия: Генерал Москаликтин өлүмүнө байланыштуу кылмыш иши козголду


Балашиха шаарынын чет жакасында жарылган “Фольксваген Гольф” автоунаасынын калдыгы, 25-апрель, 2025-жыл.
Балашиха шаарынын чет жакасында жарылган “Фольксваген Гольф” автоунаасынын калдыгы, 25-апрель, 2025-жыл.

Орусиянын Тергөө комитети Балашиха шаарынын чет жакасында “Фольксваген Гольф” автоунаасы жарылганы боюнча "киши өлтүрүү жана жардыргыч заттарды мыйзамсыз жүгүртүү" беренеси менен кылмыш ишин козгоду.

ТАСС агенттиги Тергөө комитетинин маалымат катчысы Светлана Петренконун маалыматына таянып, жарылуудан Орусиянын куралдуу күчтөрүнүн Башкы штабынын негизги оперативдик башкармалыгынын орун басары, генерал-лейтенант Ярослав Москалик каза болгонун жазды.

25-апрелде алыстан башкарылган бомба Москалик автоунаага жакындаганда же отурганда жарылган болушу мүмкүн экенин Baza Telegram каналы жазды. Жарылуу Москалик жашаган үйдүн түбүндө болгон.

Москалик Орусиянын аскер жетекчилигинде чоң фигура болгон. Ал 2015 жана 2019-жылдары Украинаны талкуулаган "Норманд форматындагы" сүйлөшүүлөргө катышкан. Ошондой эле 2018-жылы Сирия президенти Башар Асад менен жолугушууга катышкан деген маалымат бар. Бирок анын азыр Украинадагы согушка түздөн-түз катышканы тууралуу расмий маалымат жок.

Акыркы айларда ушуну менен Орусияда экинчи жогорку даражалуу генерал киши колдуу болду. 2024-жылдын декабрында Москвада генерал-лейтенант Игорь Кириллов скутерге коюлган бомба жарылганда каза тапкан. Ал үчүн жоопкерчиликти Украинанын чалгын кызматы мойнуна алган.

Украина тарап Москаликтин өлүмү боюнча комментарий бере элек. (MiK)

Шерине

XS
SM
MD
LG