Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Апрель, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 04:00

Иран: Порттогу жарылууда төрт киши өлүп, 500дөн ашууну жарадар болду


Бендер-Аббас шаарынын портундагы жарылуу, 26-апрель, 2025-жыл
Бендер-Аббас шаарынын портундагы жарылуу, 26-апрель, 2025-жыл

Ирандын түштүгүндөгү Бендер-Аббас шаарындагы Шахид-Ражаи портунда катуу жарылуу болгонун Tasnim агенттиги кабарлады. Соңку маалыматка ылайык, төрт киши набыт болуп, 516 киши жабыркады.

Агенттик жарылуудан порттогу имараттардын көбү, токтоп турган машинелер жабыркаганын кабарлады.

Жарылууга эмне түрткү болгону тууралуу так маалымат айтыла элек. Tasnim агенттиги май куюлган челек жарылганын жазды. Reuters агенттиги жергиликтүү бийликке таянып, портто бир нече контейнер жарылганын кабарлады.

Портто убактылуу иш токтоду. Порттун бажы кызматы жарылуу "кооптуу жүк жана химикаттар" сакталган контейнерлер турган жерде болушу ыктымал дегенден улам ал аймактан жүк ташуучу машинелер чыгарылганын билдирди.

Мамлекеттик медиа каражаттары кырсыкка "жеңил-желпи күйүп кетүүчү материалдар менен иштөөдөгү эрежелер сакталбаганы" түрткү болгонун жарыяды.

Шерине

XS
SM
MD
LG