Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:01

"Жерди бересиңер же түрмөгө түшөсүңөр". Өзбек фермерлеринин жери кытайлыктарга берилеби?


Өзбекстандык дыйкандар жазгы талаа иштери менен алек болууда
Өзбекстандык дыйкандар жазгы талаа иштери менен алек болууда

Өзбекстанда фермерлер мамлекет кепилдик берген өнүгүү стратегиясынын алкагында өкмөт жерлерди кытай компанияларына берип жатат деп нааразы. Коңшу өлкөнүн бийлиги жергиликтүү тургундардын колунан пахта жана буудай өскөн миңдеген гектар түшүмдүү тилкелерди кайра алып жатканы белгилүү болду.

Фергана өрөөнүндөгү берекелүү жерлеринен айрылган дыйкандар "Азаттык" радиосунун өзбек кызматы - Озодлик" радиосуна кайрылып, гектарлаган талаалар мамлекеттин резервине өтүп, андан ары кытай ишкерлерге берилгенин айтышты.

Расмий документтерде карамагындагы жерди өкмөткө кайтарып берүү ар кимдин өз ыктыяры менен ишке ашары белгиленген. Бирок "Озодликтин" журналисттеринин колуна тийген ондогон далилдер дыйкандардын жерлери мамлекетке кантип өтүп жатканынын көмүскө тарабын көрсөтөт. Карапайым дыйкандар жергеликтүү бийликтин буйругуна таянган күч органдарынын мажбурлоосуна, коркутуп-үркүткөнүнө дуушар болгон мисалдар бар.

"Губернатор мага: "Бул президенттин буйругу. Жерди бересиңер же түрмөгө түшөсүнөр", - деди аты-жөнүн ачык айтуудан айбыккан фермерлердин бири.

Көмүскө таасир

Өзбекстандын, Кыргызстандын жана Тажикстандын эли мекендеген Фергана өрөөнүндө дыйкандардын жеринен айрылганы кырдаалды күчөтүп, ансыз дагы Борбор Азиядагы жерге, тышкы карызга, эмгек базарындагы кризиске жана чоң коңшунун жылма таасирине нааразы маанайга май тамызчудай.

Өзбекстандын дыйканчылык тууралуу мыйзамына ылайык, фермер жерди мамлекеттен 49 жылга ижарага алат. Бул маалда өкмөтпү, прокурорбу, ал жерди кайра ала албайт. Мыйзамда жер соттун чечими менен гана мамлекетке өтөрү көрсөтүлгөн.

Бирок ферганалык фермерлер алардын жерин аймактын губернатору Шухрат Абдурахмановдун оозеки буйругу менен мамлекетке алып жатканын айтышат.

"Мен жерди бербейм деп бир топ каршылык көрсөттүм. Райондун акими полиция менен Улуттук гвардиянын 20дай кызматкерин акимчиликке чакырып, аялым экөөбүздү кармоого буйрук берди", - деп Коргон-Төбө районунун тургуну "Озодлик" радиосуна айтып берди.

"Дыйкандар ооз ача албай отурганы ушундан. Болбосо аларды түрмөгө салышат. Аяктан эч ким деле тирүү, алты саны аман чыкпаса керек".

"Озодлик" радиосунун суроолоруна жергиликтүү акимчиликтер жооп берген жок.

Кытай гектарлаган жерлерди өз карамагына алып жатканы тууралуу тынчсыздануу дыйкандарды гана түйшөлтпөйт.

Борбор Азияда Бээжин улам кулачын жайып, "Бир алкак, бир жол" стратегиясынын алкагында экономикалык дымактуу таасирин арттырып баратат.

2025-жылдын башында Кытай менен Өзбекстандын соода-алакасы 12,5 млрд долларга жетип, Бээжин эң чоң өнөктөшкө айланган. Коңшу өлкөдө 3400дөн ашуун кытай компаниялары ишмердик жүргүзөт. Бул орусиялык ишканалардан көп.

Мындай көрүнүш чөлкөмдүн башка өлкөлөрүндө да байкалат.

"Экономикалык капкан"

Кытайдын инвестициясы жергиликтүү элге инфраструктураны, жумуш орундарын түзүүгө жана технологияны жалыйтууга өбөлгө болорун убада кылышат. Бирок ошол эле учурда адистер анын көмүскө тарабына көңүл бурууну эскертишет.

Саясий талдоочу Наргиза Мураталиева Борбор Азиянын өлкөлөрү көбүнчө Бээжиндин "экономикалык капканына" түшүп берерин белгилейт. Шарты бүдөмүк насыяны оңой-олтоң бере салуунун артында экономикасы чабал өлкөлөргө саясий басым көрсөтүү же активдерин конфискациялоо турушу ыктымал.

Мураталиева белгилегендей, 2011-жылы Бээжин Тажикстандан 1100 чарчы чакырымдан ашуун жерди карызды жеңилдетүү үчүн алганы кытайлар жайган "капкандын" айкын мисалы.

Өзбекстандын Кытайга карызы 3,8 млрд долларды түзүп, Ташкент эң көп насыяны Бээжинден алган.

"Кытайдын насыясынын жалпы мүнөздөмөсү - карызды берүү оңой, аны жабуу татаал, атайын шарттары жана жол-жобосу ачык-айкын эмес", - дейт Мураталиева.

Карыздан кутулуу, жерлерди берүү жана Кытайдын экономикалык көзөмөлүнүн күчөп баратканы жергиликтүү деңгээлде "неоколониализм" түшүнүгүн кеңейтип, айрыкча жергиликтүү жамааттар чечим чыгарууга аралаша албай калганда мындай кооптонуу күчөйт.

Шинжаң аймагындагы уйгур, кыргыз, казак жана башка кандаштарынын эзүүгө туш болуп жатканы Борбор Азиянын калктарын камтама кылган маслеле.

Пропаганданын таасириби же жокпу, айтор чөлкөмдө Бээжиндин таасиринин күчөп баратканы кайсы бир маалда Борбор Азияда да Кытайдын өкүмзорлугу артпайбы деген негизде каршылыктын үрөнүн сээп жатат.

"Кытайларга чындап эле менин жерим жагат экен, алардын башка фермерлердин да жерин алуу ниети бар. Биз, албетте, андайга каршыбыз. Бирок райондун акими, прокурор жана полициянын башчысы бизге басым-кысым көрсөтүүдө", - деди анжияндык дыйкандардын бири "Озодлик" радиосуна.

"Баарынан да бизди чочутканы - акыры алар биздин өлкөнү басып алып, бизди дагы Шинжаңдагы уйгурлардай кылбаса болду", - дейт ал.

Шерине

XS
SM
MD
LG