Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Апрель, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 14:01

Трамптын жаңы тарифтери Кытай электромобилдерине Борбор Азияга жол ачтыбы?


Жаңши провинциясында, Наньчан шаарында жайгашкан Jiangling Group Electric Vehicle заводунда электромобиль чогултулуп жатат.
Жаңши провинциясында, Наньчан шаарында жайгашкан Jiangling Group Electric Vehicle заводунда электромобиль чогултулуп жатат.

Дүйшөмбү

Тажикстандын баш калаасы Дүйшөмбү шаарынын көчөлөрүндө кытайлык электромобилдер улам көбөйө баштаганга чейин эле Толиб Рауфов сыяктуу такси айдоочулар алар канчалык пайдалуу экенин сезе башташкан.

Ал үч жыл мурун биринчи кытай электромобилин 30 миң долларга чукул акчага сатып алганын айтат. Өткөн жылы ошол машинесин сатып, анын акчасына BYD маркасындагы жаңы электромобилди 21 миң долларга сатып алган. Бул Кытайдагы эң ири электромобиль өндүрүүчү компания жана жакында эле сатылган машинелердин саны боюнча Tesla компаниясынан озуп өттү.

Рауфовдун айтымында, баасынын арзан болушу, кайра оңой жана жакшы баада сатылышы жана күйүүчү майга көз карандуулуктун жоктугуна байланыштуу азыр такси айдоо ага мурдагыдан да кирешелүү болуп калган.

"Кытай электромобилин сатып алганыма эч өкүнбөйм. Мурда мынчалык киреше түшкөн эмес такси айдаганымдан", — деди ал "Азаттык" радиосуна.

Рауфовдун сөздөрү Кытайдын Борбор Азиядагы күчөп жаткан экономикалык таасири Тажикстан, Казакстан, Кыргызстан, Өзбекстан жана Түркмөнстан үчүн канчалык өзгөрүү алып келип жатканын көрсөтүп турат.

Дүйшөмбүнүн көчөлөрүндө электромобиль колдонгон таксилер көбөйүп келе жатат. (архивдик сүрөт)
Дүйшөмбүнүн көчөлөрүндө электромобиль колдонгон таксилер көбөйүп келе жатат. (архивдик сүрөт)

Такси айдоочулар үчүн кытай унаалары арзан жана ыңгайлуу болсо, Борбор Азия өкмөттөрү бул агымды салык жеңилдиктери, экологиялык инфраструктураны өнүктүрүү жана аймакта унаа заводдорун куруу аркылуу колдоого алууда.

Аналитиктер жана автоимпорттоочулар "Азаттык" радиосуна билдиргендей, бул көрүнүш Борбор Азиянын транспорттук келечегин өзгөртүп гана тим болбостон, бул аймакты Кытай менен экономикалык жана саясий жактан дагы жакындата баштагандай.

Мындай процесстер Батыш өлкөлөрүнө, айрыкча АКШ менен Евробиримдикке карама-каршы келет. Алар соңку жылдары Кытайдан электромобиль импортун чектөө үчүн бажы төлөмдөрүн киргизишкен.

Дональд Трамптын жаңы тариф саясаты жана Кытай менен соода согушу күчөп жаткан маалда мамлекеттик колдоодогу кытайлык компаниялар Борбор Азияны Американын импортун алмаштыра жана экспортту башка багытка бура турган регион катары карай башташы мүмкүн.

"Трамп администрациясынын жаңы тарифтери Кытайдын Борбор Азияга болгон электромобиль экспортун дагы күчөтүп, ошол эле учурда бул аймакта өндүрүштүк мүмкүнчүлүктөрдү кеңейтүүгө түрткү бериши мүмкүн", — дейт Кытайдын Глобалдык Түштүк долбоорунун эксперти Юнис Шарифли.

Кытай унаалары Борбор Азияны кантип ээлеп алды?

Адистердин айтымында, Кытайдын Борбор Азиядагы автоунаа базарындагы үстөмдүгү бул узакка созулган стратегия менен жагдайды туура пайдалана билүүнүн жыйынтыгы.

"Кытай унааларынын жана электромобилдеринин өнүгүшүнүн негизги себеби Борбор Азияда аларга болгон суроо-талаптын өсүшү. Керектөөчүлөргө Кытай бренддери сунуш кылган унаалар жаккан", — дейт Берлиндеги Карнеги Орусия—Евразия борборунун эксперти Темур Умаров.

Кытай бул аймакка "Бир алкак—бир жол" демилгеси аркылуу соңку он жылда ири инвестиция салуу аркылуу кире алды. Бул миллиарддаган долларга бааланган инфраструктуралык долбоордун алкагында Бээжин Борбор Азиянын жаратылыш ресурстарын (мунай, газ, маанилүү минералдар) тезирээк жана оңой алуу максатында жаңы соода жолдорун курду.

BYD электр унаалары Кытайдын Жянсу провинциясындагы Ляньюнганг портунда экспортко жүктөө үчүн даярдалып турат. (архивдик сүрөт)
BYD электр унаалары Кытайдын Жянсу провинциясындагы Ляньюнганг портунда экспортко жүктөө үчүн даярдалып турат. (архивдик сүрөт)

Акыркы жылдары Кытай Борбор Азияда негизги соода өнөктөш жана эң ири чет элдик инвестор катары өз ордун бекемдегендей. Муну менен бирге кытай компаниялары аймак экономикасында барган сайын чоң роль ойной баштады.

Тажикстан Кытайдан келчү электромобилдер үчүн бир катар жеңилдиктерди да киргизди. Мисалы, керектөөчүлөр үчүн салык жеңилдиктери жана компенсациялар, электромобиль импортун жылдык салыктан бошотуу жана өлкө боюнча кубаттоочу станцияларды куруу.

Дүйшөмбүнүн мэри да өткөн жылдын сентябрында мыйзам кабыл алып, шаардагы таксилерди электромобилге өткөрүү тууралуу чечим чыгарган.

Ал эми өкмөт 2030-жылга чейин өлкөдөгү автоунаалардын 30 пайызы толугу менен электр кубаты менен иштеши керек деген план койгон.

Автоимпорт менен алектенген тажикстандык Рустам (коопсуздугу үчүн фамилиясы көрсөтүлгөн жок) "Азаттык" радиосуна айтып бергендей, Кытай менен байланыш 2020-жылы COVID-19 пандемиясы маалында күчөгөн.

Кийин 2022-жылы Орусиянын Украинага толук масштабдуу согуш башташы менен дагы да тереңдеген.

Кээ бир импорттоочулар ири компаниялар болсо, айрымдары Рустам сыяктуу жеке ишкерлер. Алар машинелерди өздөрү алып келип, сатып иштешет.

Рустам мурда унааларды Европадан алып келчү. Кээде Литвага чейин барып келер эле. Бирок пандемия учурунда жеткирүү тармактары үзгүлтүккө учурап, ал эми Кытай катуу чектөөлөрдү алган соң бааларды төмөндөтүп сата баштаганда импорттун багыты чыгышты карай бурулган.

Андан сырткары, Тажикстандын экономикасы менен тыгыз байланышта болгон Орусияга санкциялар салынгандан кийин Европадан автоунаа ташуу кирешелүү болбой калган.

"Кытай азыр сапаттуу унааларды чыгарып жатат. Эгер санкциялар алынып салынса да биздин базарда абал өзгөрбөйт", — дейт Рустам.

“Өнүгүүнүн чагылгандай ылдамдыгы”

Электромобилдерге келсек, Борбор Азия Кытай бренддери үчүн өсүп жаткан базар гана эмес, өндүрүш борбору да болуп баратат.

Аймактагы эң жабык мамлекет саналган Түркмөнстан дагы коңшуларына салыштырмалуу жайыраак болсо да, кытай электромобилдерин импорттой баштады.

Жашыл технологияларды кеңири жайылтуу стратегиясынын алкагында Түркмөнстан өкмөтү JAC Motors компаниясынын электромобилдерин шаардык таксилер үчүн сатып алып, аларга ылайыкташкан кубаттоочу станцияларды да куруп жатат.

Казакстанда Кытай автоунаалары лидерликти алууда

Казакстандагы авто өнөр жайы тууралуу жазган Behind The Wheel басылмасынын башкы редактору Алексей Алексеевдин айтымында, бүгүнкү күндө Казакстандагы эң көп сатылган беш авто бренддин баары Кытай компанияларына таандык.

Ошондой эле корей жана жапон автоунаалары дагы лидерликти сактап турат.

"Пандемиядан бери европалык бренддер көптөгөн базар үлүшүн жоготту. Кытай автоунаалары жакшы баа, заманбап технология жана эң башкысы — бештен жети жылга чейин кепилдик сунуштайт. Европалык бренддер, негизинен, үч жыл гана берет", — деди Алексеев "Азаттыкка".

Өзбекстанда электромобиль өндүрүшү 500 миңге чейин өсөт

2024-жылы Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев Жизак шаарындагы BYD заводунун ачылышына катышкан. Бул ишкана 1 200 жумуш ордун түзүп, 50 миң унаадан баштап, жылына 500 миң унаа өндүрүүнү максат кылууда.

Андан тышкары, Кытайдын Xiaou Group компаниясы 1,5 миллиард долларлык инвестициянын алкагында Өзбекстанда дагы бир электромобиль заводун куруп жатат.

Ташкент шаары Henan Suda аттуу кытай компаниясы менен 2033-жылга чейин 50 миң кубаттоочу станция куруу боюнча макулдашууга кол койгон.

Өкмөт электромобилдерди импорттоону бир катар салык жана бажы төлөмдөрүнөн бошотуп, сатуу көлөмүн кескин жогорулаткан.

Натыйжада Өзбекстанда электромобиль сатуу 2019-жылдан бери он эсе көбөйдү жана көрсөткүчтөр жогорулап баратат.

Өзбек бажы кызматынын маалыматына ылайык, 2024-жылы биринчи жолу газ менен жүрүүчү автоунааларга караганда электромобилдер жана гибриддер көбүрөөк импорттолду.

Өзбекстанда электромобилге өтүү тургундар үчүн экономикалык пайда алып келүүдө. Мисалы, 53 жаштагы Кахрамон жакында BYD e2 унаасын сатып алып, ай сайын бензинге кетчү чыгымдарын 300 доллардан 10 долларга чейин кыскарткан. Мындан тышкары, май алмаштыруу сыяктуу чыгымдар да жоголгон.

"Бул унаа алыс жолго ылайыктуу эмес жана кубаттоо убактысы көп. Бирок шаар ичинде айдоо үчүн эң сонун вариант", — дейт Кахрамон.

Кайра экспорттон ички базарга чейин

Кыргызстан азыркы учурда Кытайдан келген автоунааларды, анын ичинде электромобилдерди Орусияга кайра экспорттоо боюнча Борбор Азияда биринчи орунда турат.

2023-жылы Кыргызстан Кытайдан 651 миллион долларлык гибрид автоунаа импорттогон. 2024-жылы өлкөгө 7 541 электромобиль келип түшүп, алардын жалпы баасы 219,8 миллион долларды түзгөн.

Бирок импорттун мындай өсүшү ички базардагы суроо-талапка гана байланыштуу эмес.

Орусия Украинага кол салгандан кийин Батыш Москвага санкция салып, автоунааларын чоң көлөмдө жеткирүүнү токтоткон. Мындай кадамга Жапония дагы барган. Натыйжада бул боштукту Кытайда жасалган автоунаалар – электромобилдер, гибрид жана кадимки бензин менен жүрчү моделдер да толтура баштады. Бул процессте кыргыз ишкерлеринин ролу чоң болду.

Кыргызстанда автоунаа импорту менен алектенген, машинелер тууралуу белгилүү блог алып баруучу Данияр Салыкаевдин айтымында, кыргыз ишкерлерине өлкөдөгү либералдык бажы процедураларынан пайдаланып, Кытайдан автоунааларды Кыргызстан аркылуу кайра Орусияга сатуу мүмкүнчүлүгү жаралган.

"Санкциялардан пайдаланып, жергиликтүү ишкерлер Орусия жана Кытай менен болгон байланыштарынан жана биздин өлкөбүздүн географиясын эске алуу менен бул процессти тез колго алышты", — деди ал "Азаттыкка".

Өткөн үч жылдын ичинде Кыргызстанга Кытайдан расмий түрдө 150 000 автоунаа киргизилди. Расмий эсеп боюнча алардын ондон бир бөлүгү гана Орусияга кайра сатылды.

Импорттун көп бөлүгү негизинен Орусияга багытталса да Кыргызстанда да Кытай автоунааларын көчөлөрдө көп эле көрсө болот.

Кытай автоунааларынын арзандыгы жана сапатынын жогорулашынан улам кыргызстандыктар дагы көбүрөөк Кытай машинелерин сатып ала башташты.

Кытайдын айрым компаниялары дагы Кыргызстанга инвестиция салып, 2024-жылы Бишкек жакта 115 миллион долларга электромобилдерди жана коммерциялык унааларды өндүрүүчү завод курууга киришти. Бул ишкана Кытайдын Hubei Zhuoyue Group компаниясы менен биргеликте курулууда.

Макаланын авторлору: Болот Көлбаев, Багдат Камашев, Nargiz Khamrabaeva,Umida Maniyazova, Reid Standish
Которгон: Элиза Кененбаева


Шерине

XS
SM
MD
LG