Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Апрель, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:48

Прокуратура “Апрель” телеканалын жабуу өтүнүчү менен сотко кайрылды


"Апрель" телеканалынын эн белгиси.
"Апрель" телеканалынын эн белгиси.

“Апрель” телеканалы Бишкектин Октябрь райондук прокуратурасы телеканалды жабуу тууралуу сотко доо арыз менен кайрылганын билдирди.

Телеканалдын 23-апрелде Ютубдагы каналына чыккан видеодо алып баруучу Валерий Жернаков райондук соттун арызынын көчүрмөсү “Апрелге” түшкөнүн, анда Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) тергөөгө чейинки териштирүүдө “телеканалдын ишинде деструктивдүү аракеттер бар” деген корутунду чыгарып бергенин айтты.

Маалыматка ылайык, 2024-жылдын ноябрь-декабрь айларында телеканалдын материалдарына Юстиция министрлигине караштуу соттук-эксперттик кызмат, Саламаттык сактоо министрлигинин республикалык психиатрия жана наркология борборунун экспертизасы жана Улуттук илимдер академиясы экспертиза жүргүзгөн. Үч экспертиза тең “Апрель” телаканалынын материалдарында азыркы бийликке каршы терс пикирлер бар деген деген жыйынтык чыккан.

Анда “Апрелдин” алып баруучуларынын сарказм, шылдың менен коштолгон мимикасы ал берүүлөрдү көргөн адамдарга Кыргызстандын бийлигин жаман көрсөтүп, кадыр-баркына доо кетирери айтылган.

Прокуратура Октябрь райондук сотуна “Апрель” телеканалынын Ютуб, Фейсбук, Телеграм, Инстаграмдагы ишмердигин токтотуп, Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлигинен телеканалдын ишмердигине берген уруксатын кайтарып алууну өтүнгөн.

Башкы прокуратура “Апрель” телеканалынын жана анын социалдык тармактардагы баракчаларынын ишмердигин токтотуу тууралуу сотко арыз берилгенин ырастап, бул өтүнүч сотто каралат деп күтүлүп жатканын билдирди. Маалыматта Октябрь райондук прокуратурасы коомдук коопсуздукту сактоо, мыйзамсыз маалыматтарды таратууга бөгөт коюу жана жалпыга маалымдоо каражаттары чөйрөсүндөгү мыйзамдарынын сакталышын камсыз кылуу боюнча эксперттик корутундулардын негизинде сотко арыз бергени айтылат.

“Апрель” телеканалы ар кандай деструктивдүү аракеттерге каршы экенин билдирип, бийликке айтылган сын демократиянын негизги принциптери экенин, сот бул арыз боюнча адилет чечим кабыл аларына ишенерин кошумчалады.

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевге таандык “Апрель” телеканалы 2018-жылдын 2-апрелинен баштап эфирге чыга баштаган. 2019-жылы Кой-Таш окуясында Алмазбек Атамбаев кармалгандан кийин Ички иштер министрлиги соттун чечими менен “Медиа Форум” ишканасынын жана “Апрель” телеканалынын мүлкүн камакка койгон. Мүлкү камакка алынган “Апрель” интернет-телеканал катары сайтын жана социалдык тармактардагы баракчаларын иштетип баштаган.

Бишкек шаардык прокуратурасы 2024-жылы август айында “Kloop” порталын жабуу боюнча ушундай эле арыз менен сотко кайрылган. Шаардын прокурору Эмилбек Абдыманаповдун арызында “Kloop” басылмасы “азыркы бийликтин жүргүзгөн саясатын кескин сындап, мамлекеттик, муниципалдык ишканалардын өкүлдөрүнүн кадыр-баркын кетирүүнү көздөгөн терс мүнөздөгү маалыматтарды көп жарыялай турганы” жазылган.

Бишкектин Октябрь райондук соту 2024-жылы 9-февралда “Клооп Медиа” коомдук фондун жоюу жөнүндө чечим чыгарган. Ошол эле жылдын 16-июлунда Жогорку сот ал чечимди колдогон. (BTo)



Шерине

XS
SM
MD
LG