Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги (ТИМ) алдын ала маалымат боюнча Түркиянын Стамбул шаарында жана Силиври районунда 23-апрелде болгон жер титирөөдөн жабыр тарткандардын арасында Кыргызстандын жарандары жок экенин билдирди.
Министрлик Стамбулдун жана анын айланасындагы аймактарда жашаган кыргыз жарандарын жергиликтүү бийликтин жана өзгөчө кырдаалдар кызматынын көрсөтмөлөрүн так сактоого чакырды.
Стамбул шаарында 23-апрелде күчү 6,2 баллга жеткен жер титирөө болду. Өлкөнүн расмий органдары табигый кырсык бир катар имараттарга зыян келтиргенин, андан 150дөн ашуун адам жабыркаганын жана күн бою бир нече жолу жер силкингенин кабарлады.
Түркиянын Өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу жана кесепетин жоюу башкармалыгын маалыматына ылайык, жер титирөөнүн очогу Стамбулдан батыш тарапты көздөй 80 чакырым алыстыкта жайгашкан. Бул соңку убактарда 16 миллиондон ашык адам жашаган шаардагы эң күчтүү жер титирөө болду. Түркиянын Билим берүү министрлиги Стамбулдагы мектептердин ишин эки күнгө токтотту.
2023-жылы февралда Түркияда кыйратуучу зилзала болуп, анын кесепетинен он миңдеген адамдар каза болгон.
(Кырсык болгон учурда кыргыз жарандары Кыргызстандын Стамбул шаарындагы башкы консулдугуна кайрылса болот: +90 53510772 12) (BTo)
Шерине