Вашингтондун федералдык соту Дональд Трамптын администрациясына “Америка добушу” радиосунун иштен кетирилген же административдик өргүүгө чыгарылган бардык кызматкерлеринин жумуш ордун калыбына келтирүүнү, АКШнын глобалдык телерадио системасындагы (USAGM) башка эки медиа уюм - “Эркин Азия” радиосун жана Жакынкы Чыгыш телерадиоберүү тармагын каржылоону калыбына келтирүү үчүн “бардык аракетти” көрүүнү тапшырды.
Соттун чечиминде администрация "Америка добушу" радиосун жабуу аракеттерин жокко чыгарышы керектиги айтылган. Ошондой эле жогорудагы медиа уюмдар ай сайын сотко АКШнын Глобалдык медиа боюнча агенттиги мыйзамды канчалык деңгээлде аткарып жатканы жана аларга аудиториясына “так, калыс жана толук” жаңылыктарды таратууга мүмкүндүк бергени тууралуу маалымат берип турушу керек.
Аталган соттун чечими боюнча комментарий бере элек. Мекеме бул чечимге макул эмес болсо, сотко доо арыз менен кайрыла алат.
“Америка добушу” боюнча чечим чыгарган судья Ройс Ламберт медиа уюмдары жана алардын кызматкерлеринин USAGMге каршы жалпысынан алты доо арызды, анын ичинде "Эркин Европа/Азаттык" радиосунун да арызын карады.
Буга чейин ушул эле судья АКШнын Глобалдык медиа агенттигине (USAGM) “Эркин Европа / Азаттык” радиосун жабууга байланыштуу аракеттерин токтотуп турууну буйруган.
USAGM “Эркин Европа/Азаттык” радиосун жана башка Американын бир катар эл аралык медиасын көзөмөлдөйт.
15-мартта USAGM “Эркин Европа/Азаттык” радиосуна берилген грантты токтотконун жарыялаган. Бул чечим АКШнын президенти Дональд Трамптын буйругунан бир нече саат өтпөй кабыл алынган. Буйрукта жети өкмөттүк агенттикти, анын ичинде USAGMди да мүмкүн болушунча кыскартуу керектиги жазылган.
Шерине