Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Апрель, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 04:16

Вэнс: Киев менен Москва Вашингтондун сунуштарына макул болуш керек


Жей Ди Вэнс.
Жей Ди Вэнс.

Эгер Киев менен Москва Вашингтондун согушту жөнгө салуу боюнча сунушун четке какса АКШ ортомчулуктан баш тартат. Бул тууралуу АКШнын вице-президенти Жей Ди Вэнс журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып билдиргенин Sky News телеканалы, Bloomberg басылмасы жазды.

Маалыматка караганда, Вэнс сунушта согушту азыркы фронттун линиясында токтотуу талабы айтылганын билдирген. Ошол эле кезде анын сөзүнө караганда сунуштун долбоору "аймактардын алмашуусун" камтыйт жана Украина да, Орусия да азыр көзөмөлдөп жаткан айрым аймактарынан баш тартуусу керек болот. Ал кандай ишке ашарын АКШнын вице-президенти тактаган эмес.

"Эки тарап тең куралдарын таштап, согушту токтотуп, өнүгүү менен алек болушу керек", - деди ал.

Ошол эле кезде Жей Ди Вэнс Дональд Трамптын администрациясы согушту жөнгө салууга бир топ аракет көргөнүн жана Украина менен Орусия так жооп бере турган мезгил келгенин, болбосо бул процесстен АКШ баш тартарын билдирди. АКШнын бул маселеде чыдамы кетип баратканын буга чейин мамкатчы Марко Рубио да айткан.

23-апрелде Лондондо согушту жөнгө салуу боюнча сүйлөшүүгө Украинанын, АКШ жана Европа өлкөлөрүнүн башкы дипломаттары барган жок. АКШ тараптан ага Трамптын атайын өкүлү Кит Келлог катышты. Мунун алдында АКШнын мамлекеттик катчысы Марко Рубио жолугушууга катышпай турганы кабарланган.

Кошмо Штаттардын президенти Трамп өзүнүн Truth Social социалдык тармагы аркылуу Украина менен Орусия бул жумада "макулдашууга жетишет" деген үмүтүн билдирген. (AiA)

Шерине

XS
SM
MD
LG