Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 21:44

Камактагы Карасартовага медициналык кароого чыгууга уруксат берилди


Рита Карасартова сот залында.
Рита Карасартова сот залында.

Бишкектеги №1 тергөө абагынын жетекчилиги камакта жаткан укук коргоочу Рита Карасартовага медициналык кароого чыгууга уруксат берди. Бул тууралуу “Азаттыкка” анын адвокаты Жаныш Бараков кабарлады. Анын сөзүнө ылайык, укук коргоочуга операция жасаган менчик тиш дарылоочу жай ишемби күнү кабыл аларын билдирген.

Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгы Рита Карасартованы 14-апрелде кармап, Бишкектин Свердлов райондук соту аны 12-майга чейин камакка алган.

Ага Кылмыш-жаза кодексинин 278-беренесинин (“Массалык башаламандыктар”) 3-пункту (“Бийлик өкүлдөрүнүн мыйзамдуу талаптарына жигердүү баш ийбөөгө жана массалык баш аламандыктарга чакырыктар, ошого тете жарандарга зомбулук көрсөтүүгө чакырыктар”) боюнча кылмыш иши козголгон. Рита Карасартова коюлган айыпты четке каккан.

Мунун алдында ал Тилекмат Кудайберген уулу (Куренов) жазган делген катты Фейсбуктагы баракчасына жарыялаганын жана кармалышын ушул катка байланыштырган.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) 19-апрелде Тилекмат Кудайберген уулу Бириккен Араб Эмираттарынан кармалып, Кыргызстанга жеткирилгенин кабарлаган. Атайын кызмат ал конституциялык түзүлүшкө каршы бир катар оор кылмыштарды жасаган деп шек саналып жатканын жана эл аралык издөөдө болгонун билдирген. (BTo)

Шерине

XS
SM
MD
LG