Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Апрель, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 00:09

Медиа: Лондондогу жолугушууга башкы дипломаттар катышпайт


Парижде өткөн жолугушуу. (архив)
Парижде өткөн жолугушуу. (архив)

23-апрелде Лондондо согушту жөнгө салуу боюнча сүйлөшүүгө Украинанын, АКШ жана Европа өлкөлөрүнүн башкы дипломаттары катышпайт. Бул тууралуу Sky News телеканалы жазды.

Ошол эле кезде Лондондо Украинанын тышкы иштер иштер министри Андрей Сибиганын Британиянын тышкы иштер министри Дэвид Лэмми менен жолугушуусу өтө турганы кабарланды.

АКШ тараптан ага Трамптын атайын өкүлү Кит Келлог катыша турган болду.

Мунун алдында АКШнын мамлекеттик катчысы Марко Рубио жолугушууга катышпай турганы кабарланган.

Буга чейин 23-апрелде Лондондо согушту жөнгө салуу боюнча Украинанын, АКШ жана Европа өлкөлөрүнүн делегацияларынын жолугушуусу өтөрү кабарланган.

Wall Street Journalдын маалыматына караганда, согушту токтотууга байланыштуу Вашингтондун Украинага жөнөткөн сунушу Лондондо өтө турган сүйлөшүүлөрдө талкууланат.

Кошмо Штаттардын президенти Дональд Трамп өзүнүн Truth Social социалдык тармагы аркылуу Украина менен Орусия бул жумада "макулдашууга жетишет" деген үмүтүн билдирген. (AiA)

Шерине

XS
SM
MD
LG