Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 21:36

"Орус үйү" Кыргызстанда кармалган кызматкери боюнча комментарий берди


Бишкектеги “Орус үйү”.
Бишкектеги “Орус үйү”.

Кыргызстандагы бир катар жергиликтүү маалымат каражаттары “Россотрудничество” уюмунун Кыргызстандагы өкүлчүлүгү жалданмачылыкка шек саналып кармалган кызматкери Наталья Секерина тууралуу комментарий бергенин жазышты.

“Россотрудничество” Наталья Секерина Кыргызстандын жараны экенин, бул уюмда 2024-жылдын июль айынан бери иштеп келатканын жана ал Ош шаарындагы “Орус үйүнүн” медиа менен кызматташуу ишине жооп берерин билдирген. Ошондой эле Орусиянын илим жана маданият борбору өкмөттөр аралык келишимдин негизинде гана иш алып барарын кошумчалаган.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) Ошто “жалданмачылыкка” айыптап төрт кишини кармаган. Кармалгандардын бири Ош шаарынын мэриясынын маалыматтык камсыздоо бөлүмүнүн башкы адиси Сергей Лапушкин. Дагы бири журналист, Орусиянын “Россотрудничество” уюмунун Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнүн филиалы – Ош шаарындагы “Орус үйүнүн” кызматкери Наталья Секерина экени белгилүү болгон. Андан тышкары С.В.Т. жана В.В.А. аттуу дагы эки адам кармалган. Алардын толук аты-жөнү азырынча белгисиз.

Аларга Кылмыш-жаза кодексинин 416-беренесинин – “Жалдануучулук” деген айыптын биринчи бөлүгү “Башка мамлекеттердеги куралдуу жаңжалдарда же мамлекеттик бийликти кулатууга же аймактык бүтүндүгүн бузууга багытталган зомбулук аракеттерде пайдалануу максатында жалдануучуларды азгырып тартуу, каржылоо, материалдык жактан камсыз кылуу, үйрөтүү, ошондой эле жалдануучуларды согуштук жаңжалдарда же аракеттерде пайдалануу” кине коюлду.

Бишкектин Биринчи май райондук соту 19-апрелде төрт шектүүнүн тең бөгөт чарасын карап, 17-июнга чейин камакка алган.

Атайын кызмат козголгон кылмыш иши, кармалган адамдар тууралуу маалымат бере элек. “Азаттык” Сергей Лапушкиндин, Наталья Секеринанын жакындары менен байланышканда алар комментарий берүүдөн баш тартышты.

“Россотрудничество” – чет өлкөдө жашаган орусиялыктарга колдоо көрсөтүү үчүн түзүлгөн федералдык аткаруу органы деп айтылып келет. Бирок ал Орусиянын пропагандасын жайылтат деген сындарга кабылган. Азербайжан быйыл “Россотрудничество” уюмунун ишин токтотуп, “Орус үйү” деген өкүлчүлүгүн жапкан. Бул уюм Кыргызстанда активдүү иштейт. (BTo)

Шерине

XS
SM
MD
LG