Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 16:18

Депутат Түлөбаев өкмөт каттарга кеч жооп берип жатканын айтып, сындады


Балбак Түлөбаев.
Балбак Түлөбаев.

Жогорку Кеңештин депутаты Балбак Түлөбаев Министрлер кабинети депутаттар жиберген каттарга убагында жооп бербей жатканын айтып, өкмөттү сынга алды.

Ал парламенттин 23-апрелдеги жыйынында мындан ары депутаттардын каттарына министрдин колу жок жооп келсе кабыл албай коюуну сунуштады.

“Акылбек Үсөнбекович тың болчу. Депутаттардын катына бат-баттан жооп берип турчу. Азыркы премьер-министрге жетип, Ысык-Көлдү айланып келгиче канча убакыт өтөт. Бир кат жаздык эле жооп жок. Депутаттын жазган катына жооп берип койсо жакшы болот эле. Акылбек Үсөнбекович дароо жооп берип, чечкиндүү болчу”, - деди ал.

Мурдагы өкмөт башчы Акылбек Жапаров 2024-жылдын декабрь айында салык системасындагы алешемдиктер үчүн кызматтан кеткен. Анын ордуна Адылбек Касымалиев Министрлер кабинетинин төрагасы болуп дайындалган. Өкмөт Балбак Түлөбаевдин акыркы сын-дооматына комментарий бере элек.

2020-жылдагы бийлик алмашуудан кийин Конституция өзгөртүлүп, өлкө референдум жолу менен президенттик башкарууга өткөн жана парламенттин ролу менен ыйгарым укуктары кыйла азайган.

Жогорку Кеңештин VI чакырылышында 120 депутат болгон. 2020-жылы 29-декабрда ишин баштаган VII чакырылыш 90 депутаттан турат. Алардын 54ү партиялык тизме менен шайланып келди. 36сы өлкө боюнча түзүлгөн округдардан шайланат.

Коомчулукта “депутаттар президенттик администрациянын мыйзамдарын кабыл алып берген нотариус болуп калды” деген сын айтылып келет. Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Тургунбек уулу мындай дооматтарды бир нече жолу четке каккан. (BTo)

Шерине

XS
SM
MD
LG