Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 16:36

Кыргызстанга желим баштыктарды ташып кирүүгө тыюу салуу сунушталды


Иллюстрация үчүн колдонулган сүрөт.
Иллюстрация үчүн колдонулган сүрөт.

Кыргызстанга полиэтилен баштыктарын ташып кирүүгө убактылуу тыюу салуу сунушу берилди. Экономика жана коммерция министрлиги иштеп чыккан тиешелүү токтом долбоору коомдук талкуу коюлду. Долбоордо бул экологияга зыяндын кесепетин азайтып, ата мекендик өндүрүшчүлөрдүн ишине салым кошору айтылат.

Экономика жана коммерция министрлиги Улуттук статистика комитетине шилтеме берип 2022-2023 жана 2024-жылы Кыргызстанда 2188 тонна желим баштык өндүрүлгөнүн билдирди. Андан тышкары былтыр чет өлкөндөн 1 млн 684 миң тонна полиэтилен баштыгы импорт болгон. Анын ичинен 1 млн 427 миң тонна желим баштык Кытайдан ташылып келген.

Кыргызстанда күн сайын же жылына канча желим идиш, баштык колдонулары эсептелген эмес. Бирок дүкөндөрдө, базарларда азык-түлүк, кийим-кече менен кошо полиэтилен баштыгы берилет. Экология маселесинен улам өлкөдө желим баштыкты колдонууга тыюу салуу демилгеси утур-утур көтөрүлүп келет. (BTo)

Шерине

XS
SM
MD
LG