Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев өкмөткө элдин акчасын алып бирок турак жайды салып бербей жүргөн курулуш компанияларга сырткы башкаруу киргизүү сунушун берди.
Бул тууралуу депутат парламенттин 23-апрелдеги жыйынында айтты. Дастан Бекешев каражатты алып курулушту аягына чейин бүткөрбөй жүргөн компанияларга каршы арыз-даттануулар дагы деле токтобой жатканын кошумчалап, маселени ушундай жол менен чечсе болорун билдирди.
“Шылуун курулуш компанияларга сырткы башкаруу киргизсек. Алар каражатты алып коюп ишти бүтүрө албай жетекчилери качып жүрөт. Кээ бирлери камалып кетти”, - деди ал.
Кыргызстанда курулуш компаниялары үлүшчүлөрдүн каражатын алып курулушту аягына чыгара албай адамдар акчадан же үйдөн жок калган окуялар көп.
Мамлекеттик мекемелердин тиешелүү уруксат документтери жок турак жайларды, ар кандай имараттарды салып алган компаниялар да бар. Алардын көбүндө адамдар жашап жатат. Буга байланыштуу аларды мыйзамдаштырууда маселелер жаралган. (BTo)
Шерине