Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 16:55

Абактагы Султанбеков сотто күбөлөр суралбай, көрсөтмөлөрү окулуп жатканын билдирди


"Социал-демократтар" партиясынын лидери Темирлан Султанбеков, партиянын мүчөлөрү Ирина Карамушкина жана Роза Түрксевер. 2025-жылдын 9-январы.
"Социал-демократтар" партиясынын лидери Темирлан Султанбеков, партиянын мүчөлөрү Ирина Карамушкина жана Роза Түрксевер. 2025-жылдын 9-январы.

“Социал-демократтар” партиясынын камактагы лидери Темирлан Султанбеков үчүнчү соттук отурумда судья күбөлөрдүн катышуусу жок эле алардын берген көрсөтмөсүн окуп баштаганын билдирди. Бул тууралуу анын билдирүүсү Фейсбуктагы баракчасына жарыяланды.

Анда судья күбөлөрдүн өзүн сурап, берген көрсөтмөлөрүнүн анык экенин изилдеши керектиги белгиленген. Мындан тышкары, сот айыпталуучуларды суракка ала баштаганын, бирок алгач алар соттук териштирүүнүн аягында сурала турганы айтылганы жазылган. Иш Бишкектин Бишкектин Свердлов райондук сотунда каралууда. Райондук соттун басма сөз кызматы бул боюнча комментарий бере элек.

“Социал-демократтар” партиясынын лидери Темирлан Султанбеков, партиянын мүчөлөрү Ирина Карамушкина менен Роза Түрксевер 2024-жылы ноябрь айында Кылмыш-жаза кодексинин “Шайлоочулардын добуштарын сатып алуу” беренесине шек саналып кармалган.

Алар коюлган айыпты четке кагып, муну саясий басым-кысым деп баалап келишет. Темирлан Султанбеков Кылмыш-жаза процессуалдык кодекси боюнча бул берене менен шек саналган киши камакка алынбашы керектигин айтып келаткан. Кийин тергөөдө Кылмыш-жаза кодексинин “Алдамчылык” беренеси боюнча да айып коюлган. “Социал-демократтар” партиясынын мүчөлөрү Бишкектеги №1 тергөө абагында кармалууда.

Ишке “жашыруун” делген гриф коюлгандыктан сот жараяндары жабык өтүүдө. Темирлан Султанбеков ишти ачык кароону талап кылып келет.

Бишкек аймактык шайлоо комиссиясы козголгон кылмыш ишинин жана тергөөнүн маалыматтарына таянып, Социал-демократтар партиясын 2024-жылы Бишкек шаардык кеңешине шайлоого катышуудан четтеткен. (BTo)

Шерине

XS
SM
MD
LG