Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:56

УКМК депутат Сыдыгалиевдин Жамангулов боюнча сөзү ырасталбаганын билдирди


Nurbek Sydygaliev
Nurbek Sydygaliev

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) Башкы прокуратура “Мегакомдун” мурдагы жетекчиси Акылбек Жамангуловго кылмыш ишин козгоп, каражат алып кайра коё бергени тууралуу маалымат ырасталбаганын билдирди.

Атайын кызматтын маалыматына ылайык, бул тууралуу парламентте сөз сүйлөгөн Жогорку Кеңештин вице-спикери Нурбек Сыдыгалиев, экс-башкы прокурор Курманкул Зулушев, Акылбек Жамангулов жана башка адамдардын катышуусунда текшерүү жүргүзүлгөн. Анда Нурбек Сыдыгалиев өзү да айткандарын тастыктай турган фактылар жок экенин мойнуна алганы айтылды.

“Жогорку Кеңештин депутаты Нурбек Сыдыгалиевдин маалыматы так эмес жана чагымчыл мүнөздө болуп, өлкөдөгү коомдук-саясий кырдаалдын курчушуна алып келип, жарандардын мамлекеттик органдарга ишенимин кетириши мүмкүн. Буга байланыштуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет Нурбек Сыдыгалиевге келечекте мындай билдирүүлөргө жол бербөө боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүздү”, - деп айтылат маалыматта.

Нурбек Сыдыгалиев Курманкул Зулушев Башкы прокуратураны жетектеп турганда Акылбек Жамангуловго кылмыш иши козголуп, ал акча бергенден кийин бошотулганын, буга байланыштуу арыз жазууга да даяр экенин айткан. Андан тышкары канча каражат бергенин да айтып берерин билдирген.

Бул тууралуу вице-спикер 15-апрелде Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелер жана Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү комитеттеринин биргелешкен жыйынында айткан.

Башкы прокурор Максат Асаналиев бул иш тууралуу маалыматы жок экенин, Акылбек Жамангулов арыз менен кайрылса териштирүү болорун кабарлаган.

“Мегакомдун” мурдагы жетекчиси, экс-депутат Акылбек Жамангулов 2022-жылдын март айында Түштүк Кореянын эки жаранынын ортосундагы каржылык маселеге байланыштуу шек саналып кармалып, ошол эле жылдын июнь айында үй камагына чыккан.

Акылбек Жамангулов 2018-жылдын октябрь айында “Мегаком” (Азыркы “Мега”) бренди менен белгилүү “Альфа Телеком” ишканасына жетекчи болуп дайындалган. 2020-жылдагы бийлик алмашкан Октябрь окуяларынан кийин 2021-жылы 16-мартта компаниянын башкы директорлук кызматынан өз каалоосу менен кеткен.

Ал жана Нурбек Сыдыгалиев УКМКнын акыркы билдирүүсүнө комментарий бере элек. Курманкул Зулушев Башкы прокуратураны 2020-жылдан 2024-жылга чейин жетектеген. (BTo)

Шерине

XS
SM
MD
LG