Өзбекстан Кыргызстан менен чек арада эркин соода аймагын түзүүнү көздөп жатат. Бул тууралуу 16-апрелде Анжиян облусун өнүктүрүү боюнча жыйында Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев билдирди.
Анын айтымында, жыл сайын Анжиян облусунан Кыргызстанга 200 миллион долларга чейин товар экспорттолот. Ошондуктан президент соода жана өнөр жай зоналарын чек арадагы Коргонтөбө же Кожабад райондорунун биринде ачуу зарылдыгын белгиледи.
Мирзиёев ишкерлер менен кеңешип, ушул эки аймактын бирин тандоону жана долбоордун планын иштеп чыгууну тапшырды.
Ал мындай эркин экономикалык аймакты Өзбекстан менен Ооганстандын чек арасында иштеп жаткан аймактын үлгүсүндө уюштурууга болорун белгиледи.
2019-жылдын май айында Ташкент Ооганстан менен чектеш Сурхандарыя облусунда “Өзбекстан–Ооганстан” аттуу соода зонасын ачкан. Ал жерде ооган ишкерлерине бажы терминалы, мейманкана, ресторан жана тейлөө пункттары сыяктуу бардык шарттар түзүлгөн.
Өзбек бийлигинин пикиринде, мындай эркин соода аймагынын Борбор Азияда аналогдору жок жана ал чөлкөмдөгұ өлкөлөр аралык сооданын өнүгүшүнө, жергиликтүү товарлардын эл аралык базарларга чыгышына өбөлгө түзөт.
Шерине