Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:56

Евробиримдик жети өлкөнүн жарандарына башпаанек берүү жараянын катаалдатат


Евробиримдиктин аймагына агылган мигранттар.
Евробиримдиктин аймагына агылган мигранттар.

Евробиримдик 16-апрелде жети өлкөнү "коопсуз мамлекеттердин" тизмесине киргизди. Бул чечим шаркетке ал өлкөлөрдүн жарандарынын башпаанек алуу өтүнүчүн кароого жана четке кагууга мүмкүнчүлүк берет. Тизмеге Косово, Бангладеш, Колумбия, Египет, Индия, Марокко жана Тунис кирди.

Бул мамлекеттер “коопсуз” деп табылганы үчүн, алардын жарандарынын баш калка суроо өтүнүчү жөнөкөйлөштүрүлгөн, тездетилген жол-жобо менен каралат. Алардын көбү четке кагылышы мүмкүн.

"Башпаанек сурагандардын арыздары көптөн бери кароосуз жатат. Ошондуктан, чечим кабыл алуу жараянын ылдамдатуунун бардык ыкмаларын колдонуу азыр абдан маанилүү", — деди шаркеттин миграция маселелери боюнча комиссары Магнус Бруннер.

Евробиримдик 2015-жылы дагы ушуга окшош тизмени сунуштаган. Бирок анда Түркияны камтуу боюнча талаштардан улам план токтоп калган.

Учурда Брюсселге мыйзамсыз келген мигранттардын агымын токтотуу жана депортацияны күчөтүү боюнча Брюсселге басым күн сайын күчөп жатат. Бул демилгени өзгөчө Швеция, Италия, Дания жана Нидерланд сыяктуу өлкөлөр колдоп, тез арада чара көрүүнү талап кылууда.

Шерине

XS
SM
MD
LG