Кыргызстанда мамлекеттик кызматтагы бюрократияны жоюу боюнча саясаттын алкагында илим жана билим берүү жаатында бир катар өзгөртүүлөр сунушталып жатат.
Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы кабарлады.
Министрлер кабинетинде өткөн жыйында билим берүү жана илим тармагында бюрократияны жоюу максатында, бирдиктүү Илим жана аккредитация департаментин түзүү, юриспруденция, экономика, менежмент жана эл аралык мамилелер сыяктуу адистиктер боюнча сырттан окууга мораторий киргизүү сунушталган.
Андан сырткары санариптик дистанттык билим берүүгө өтүү, чет өлкөлүк ЖОЖдордун PhD даражаларын таануу жараянын жөнөкөйлөштүрүү да каралган.
10-мартта кыргыз өкмөтү алты айдын ичинде мамлекеттик башкаруyну кескин реформалап, бюрократия менен ашыкча чыгымдарды азайтуу планын жарыялаган. Бул иштерди юстиция министри Аяз Баетов көзөмөлдөп жатат.
Шерине