Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 06:03

Израил Газа, Ливан жана Сириядан аскерин азырынча чыгарбайт


Сириядагы израилдик аскерлер.
Сириядагы израилдик аскерлер.

Израилдин коргоо министри Исраэл Кац 16-апрелде билдиргендей, Газа тилкесинде, Ливандын айрым бөлүктөрүндө жана Сириянын түштүгүндөгү буфердик зонада армиясы белгисиз мөөнөткө чейин калат. Бул тууралуу Associated Press агенттиги кабарлады.

Бул билдирүү ХАМАС кыймылы (АКШ менен Евробиримдикте террордук деп таанылган) Израил менен ок атышууну токтотуу боюнча мурдагы макулдашууну калыбына келтирүүгө умтулуп жаткан маалда жасалды.

"Мурунку аскерий операциялардан айырмаланып, Израил армиясы ээлеп алган жана тазаланган аймактардан чыгып кетпейт”, - деген Кац.

ХАМАС кыймылы болсо Израил Газадан толук чыгып кетмейинче жана туруктуу ок атышууну кабыл алмайынча туткундагы адамдарды бошотпой турганын билдирүүдө.

Израил Ливандагы айрым райондордон да аскерлерин чыгаруудан да баш тартып келет.

2024-жылдын декабрь айында оппозициячыл күчтөр Башар Асаддын бийлигин кулаткандан кийин, Израил Сириянын түштүк бөлүгүндө буфердик зона түзүп, аскерлерин киргизген.

Бир катар араб өлкөлөрү Израилдин мындай аракетин "ачык түрдө аскердик басып алуу" катары баалап, эл аралык укуктарды бузуу деп эсептешет.

Өз кезегинде Израил коопсуздук максатында бул аймактарда аскердик көзөмөлдү сактап калуу зарыл деп эсептейт. Бул 2023-жылдын 7-октябрында болгон ХАМАСтын кол салуусун кайра кайталабоо үчүн керек экенин белгилеп келишет.

Ал күнү хамасчылардын жоон тобу Газадан Израилге кирип барып, болжол менен 1200 адамды өлтүргөн, алардын көбү жөнөкөй жарандар болгон. Ошондой эле 251 адам туткунга алынган.

ХАМАСтын көзөмөлүндөгү Газанын Саламаттыкты сактоо башкармалыгынын маалыматы боюнча, Израилдин чабуулунун натыйжасында 51 миңден ашуун палестин каза болгон.


Шерине

XS
SM
MD
LG