Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 06:03

Москва мончосундагы окуя ЕАЭКтин жыйынында көтөрүлдү


Мончодогу сабалган мигранттардын окуясы тартылган видеодон алынган сүрөт.
Мончодогу сабалган мигранттардын окуясы тартылган видеодон алынган сүрөт.

Москвадагы “Бодрость” деп аталган мончодогу кыргызстандык мигранттар туш болгон окуя Евразия экономикалык комиссиясынын жыйынында көтөрүлдү. Бул маселени ЕАЭКтин энергетика жана инфраструктура боюнча коллегиясынын мүчөсү Арзыбек Кожошев көтөргөнүн жергиликтүү маалымат каражаттары жазып чыкты. Анда Кожошев соңку окуяга тынчсыздануусун билдирип, ушул сыяктуу терс көрүнүштөр евразиялык интеграцияны бекемдөө аракетине көлөкө түшүрөрүн билдирген.

“Ушул сыяктуу укукка жат фактылар айрыкча мигранттардын ар намысына шек туудурган катаал аракеттерге компетенттүү органдар тезинен көңүл бурушу керек”, - деп билдирген Кожошев.

Евразия экономикалык комиссиясы Евразия экономикалык биримдигин аткаруу органы.

Өткөн аптанын аягында социалдык тармактарга Москвадагы мончолордун биринде кыргызстандыктарды орус полициясы жана бети жабылган белгисиз адамдар уруп-сабады делген видео тараган.

Ошол учурда мончодо болуп, сабалган мигранттардын бири “Азаттыкка” бул маалыматты ырастап, окуя 10-апрелде болгонун айтып берген.

14-апрелде Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги (ТИМ) Москвада болгон окуя боюнча Орусиянын элчиси Сергей Вакуновго расмий нота тапшырган.

Шерине

XS
SM
MD
LG