Ош шаарында Навои көчөсүндө жолго чыгып кеткен үйлөрдү бузуп жатканда 11 жаштагы кыз жаракат алды. Бул маалыматты Ош шаарынын ички иштер башкармалыгы ырастады.
Маалыматка ылайык, окуя 12-апрелде болгон. Үйдүн ичинде отурган кызга кум кыш (пескоблок) тийип, ооруканага жеткирилип, медициналык жардам көрсөтүлгөндөн кийин үйүнө чыгарылган. Бул факты милицияда каттоого алынып, соттук-медициналык экспертиза дайындалды.
Кыздын таенеси Kloop медиа порталына Ош шаарынын мэриясынын кызматкерлери үйдү бузуп жатканда небереси жалгыз болгонун айтып, “бирок ага карабастан бузушуптур. Ошол учурда канализациянын жанындагы суу атылыптыр. Ал сууну жабам деп жатканда, башына, колуна да кум кыш түшүп кетип, эс-учун жоготуп коюптур”, - деген.
Ош мэриясы бул окуя тууралуу комментарий бере элек.
Кыргызстандын жер-жерлеринде, өзгөчө Ош шаарында “кызыл сызыкка” чыгып кеткен, мыйзамсыз салынган турак жайлар, дубалдар жана башка курулуштар буздурулуп жатат.
Айрым адамдар жеке менчик укугу бузулуп жатканын айтып чыгышкан. Буга чейин бир катар депутаттар Министрлер кабинетин жана жергиликтүү бийликти мыйзамсыз делген курулуштарды бузуу ишинде этият болууга чакырышкан. (BTo)
Шерине