Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 02:44

Сумы: Дүйнө Орусиянын үрөй учурган чабуулун айыптоодо


Орусиянын ракетасы тийген автобус. Сумы, 13-апрель, 2025-жыл
Орусиянын ракетасы тийген автобус. Сумы, 13-апрель, 2025-жыл

АКШ, Евробиримдик, Бириккен Улуттар Уюму орус армиясынын 13-апрелде Украинанын Сумы шаарына жасаган кандуу чабуулун кескин айыпташты. Жекшембидеги кол салуу 35 адамдын өмүрүн алды. 117 киши жараат алды, алардын арасында 15 бала бар.

Еврокомиссиянын президенти Урсула фон дер Ляйен бул чабуулду "эл аралык укуктун одоно бузулушу" деп атады жана ок атууну токтотууну камсыздоо үчүн катуу чаралар көрүлүшү керек экенин кошумчалады.

Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) баш катчысы Антониу Гутерриш да бул окуя "терең тынчсыздантуу жаратып, аны нес кылганын" билдирди.

АКШ президенти Дональд Трамп "сүрөттөп болбой турган кайгылуу окуя" деп атады.

"Бул абдан аянычтуу, мага алар ката кетиргенин айтышты. Менимче, бул өтө коркунучтуу. Бул согуш өзү абдан коркунучтуу", - деди Трамп Флоридадан Вашингтонго бара жаткан маалда, Air Force One учагынын ичинде журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып.

Кабарчылар андан эмнени айткысы келгенин тактап сурашканда АКШ лидери "катачылык" тууралуу сөзүн кайталап: "Аны өздөрүнөн (ред. Орусия) сурасаңар болот", - деген жообун айтты. Ошондой эле Трамп "эки өлкө ортосунда согуш баштоого жол берген" деп мурунку президент Байденди айыптады.

Орус армиясынын соккусунан каза болгондордун сөөктөрү. 13-апрель, 2025-жыл.
Орус армиясынын соккусунан каза болгондордун сөөктөрү. 13-апрель, 2025-жыл.

Орусиянын Коргоо министрлиги Сумы шаарына эки "Искандер-М" ракетасы менен сокку урулганын ырастап, "украин куралдуу күчтөрүнүн командачылыгынын жыйыны өтүп жаткан жай" бутага алынганын билдирди.

"Жекшембиде Орусиянын аскерлери Сумы шаарындагы украиналык 'Түндүк' оперативдик-тактикалык тобунун командачылык жыйыны өткөн жерге 'Искандер' ракеталары менен сокку урду", – деп жазылат Коргоо министрлигинин басма сөз билдирүүсүндө.

Орус тараптын маалыматына караганда, соккунун натыйжасында 60тан ашуун украин аскери набыт болгон.

Ошондой эле мекеме тараткан билдирүүдө "Киев режими украин элин тирүү калкан катары колдонууда – аскерий объектилерди жана аскердик иш-чараларды эл тыгыз жайгашкан шаар борборлорунда уюштурууда", – деп жазылат.

"Бул жерде эч кандай аскердик база жок. Аскерлер жок. Калаанын борбору. Бул жерде абадан коргонуу системасын көрбөйсүз. Армияга катыштуу эч нерсе жок. Булар улутту жок кылып жатышат. Муну кантип башкача атаса болот? Бул тукум курутка эле барабар да",-дейт жергиликтүү тургун Парвиз Манафов.

АКШнын мамлекеттик катчысы Марко Рубио "орус ракетасы жасаган үрөй учурган чабуул" деп мүнөздөдү.

Ал эми Дональд Трамптын Украина боюнча атайын өкүлү Кит Келлог "Орусиянын Вербное жекшембилигинде Сумы шаарындагы жайкын адамдарга каршы жасаган чабуулу бардык чектерди бузганын" билдирди.

Германиянын жаңы шайланган канцлери Фридрих Мерц Орусия президенти Владимир Путинди "атайылап жасалган жана пландалган согуш кылмышынын" автору деп күнөөлөдү.

Британия, Франция жана Италия баштаган башка Европа өлкөлөрүнүн лидерлери да бул чабуулду дароо жана кескин айыпташты.

Орус армиясынын соккусунун кесепети. 13-апрель, 2025-жыл.
Орус армиясынын соккусунун кесепети. 13-апрель, 2025-жыл.

Украинанын ички иштер министри Игорь Клименко билдиргендей, полиция жабыркаган аймакка кирүүгө чектөө киргизип, куткаруучулар менен өзгөчө кырдаалдар кызматына тоскоол болбош үчүн бардык шарттарды түзүп жатат.

Ошондой эле ал жабыркагандарга жардам көрсөтүү жана гуманитардык иштерди координациялоо үчүн атайын борбор уюштурулганын кошумчалады.

Украина президенти Владимир Зеленскийдин кеңсе башчысы Андрей Ермак Сумы шаарына жасалган чабуулда колдонулган ракеталардын курамында кассеталык ок-дарылар болгонун билдирди.

"Орустар (бийлиги) муну мүмкүн болушунча көп жайкын тургунду өлтүрүү үчүн жасап жатышат", — деди Ермак Reuters агенттигине курган маегинде.

Кол салууну айыптагандардын арасында Евробиримдиктин тышкы саясат боюнча жетекчиси Кая Каллас да бар.

"Украина ок атууну шартсыз токтотууга макул болгонуна карабай, Орусия чабуулдарын күчөтүп жатканынын үрөй учурган далили. Бүгүн менин ойлорум украин эли менен", - деди Каллас.

Адистер белгилегендей, Трамп ошондой эле Украинада ок атууну токтотуу боюнча сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүнө байланыштуу чыдамы түгөнүп бараткандай.

Америка президентинин өкүлү Стив Уиткофф Санкт-Петербургга баргандан бир нече саат өткөн соң, Трамп соцтармактар аркылуу согушту “маани-маңызсыз” деп атап, ал дегеле “болбошу керек эле” деди.

“Орусия чечим кабыл алышы керек. Талап ашыкча көп адамдын өмүрү менен коштолууда”, — деп жазды Трамп.

Орус армиясынын Сумыга жасалган соккусунун кесепети.
Орус армиясынын Сумыга жасалган соккусунун кесепети.

11-мартта Украина менен Кошмо Штаттар 30 күндүк ок атышууну токтотууга жол ачкан чоң келишимге жетишкенин жарыялаган. Ага эми Орусия макул болушу керек эле. Путин бул сунушту "принципиалдуу" колдой турганын, бирок "айрым нюанстарды" тактоо керектигин белгилеп, Батышка Украинага курал-жарак жеткирүүнү токтотуу сыяктуу шарттарды койгон.

Санкт-Петербургда Стив Уиткофф Владимир Путин менен жолуккан. Жолугушуу төрт сааттан ашык убакытка созулуп, жабык өттү. Андан кийин эч кандай расмий билдирүү жасалган жок. Орусия президентинин басма сөз катчысы Дмитрий Песков бул жолугушуу Путин менен Трамптын мүмкүн болгон жолугушуусуна карай дагы бир кадам экенин айтып, Москва менен Вашингтондун сүйлөшүүлөрүнөн “дароо жыйынтык” күтпөөгө чакырды.

Ал эми 13-апрелде CBS News телеканалына берген маегинде, президент Владимир Зеленский Трампка кайрылып, чечим кабыл алуудан мурун Украинага келип көрүп кетүүнү сунуштады.

“Келсин, элди, жайкын тургундарды, жоокерлерди, ооруканаларды, чиркөөлөрдү, балдарды, кыйраган же курман болгондорду өз көзү менен көрсүн”, — деди Зеленский.

Шерине

XS
SM
MD
LG