Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Апрель, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 02:47

Аба ырайы: тоолуу аймактарда сел жүрүшү мүмкүн


Бишкек.
Бишкек.

Шашылыш билдирүү

Кыргызгидромет борбору билдиргендей, 13-апрелде күн ысып, кардын тездик менен эришине байланыштуу жана 14-апрелде жер-жерлерде нөшөрлөп жааган жаандар улам тоолуу жана тоо этектериндеги райондордо сел жүрүшү, дарыяларда суунун деңгээли көтөрүлүшү мүмкүн.

Аба ырайы

14-апрелде түнкүсүн Чүй, Ош, Жалал-Абад, Баткен, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Талас, Ысык-Көл облустарынын айрым жерлеринде жаан жаап, күн күркүрөйт, бийик тоолуу райондордо кар жаайт.

Күндүз көпчүлүк аймактарда жаан жаап, күн күркүрөйт, бийик тоолуу райондордо кар жаайт. Чүй, Ош, Жалал-Абад, Ысык-Көл облустарынын айрым жерлеринде жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт. Бийик тоолуу райондордо жолдор тоңголок жана тайгак болот.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, айрым жерлерде 15-20 метрге жетет.

Абанын температурасы

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 11…16, күндүз 17…22;

Таласта түнкүсүн 7…12, күндүз 17…22;

Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 12…17, күндүз 19…24;

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 5…10, күндүз 13…18;

Нарын облусунда түнкүсүн 3…8, күндүз 14…19;

Бишкек мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, 14 метрге жетет. Абанын түнкү төмөнкү температурасы 13…15°, күндүзгү жогорку температурасы 20…22° жылуу болушу күтүлөт.

Шерине

XS
SM
MD
LG