Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 02:16

"Демарш жасай албайбыз, жарандарды эшелонго салып таштап коёт". Мигранттар көргөн кордук, депутаттардын сыны


Москва
Москва

Москвадагы “Бодрость” мончосунда кыргызстандык мигранттар кабылган окуяга байланыштуу парламентте ТИМдин дарегине ачуу сын айтылды.   

Министр: Демарш жасай албайбыз

Москва мончосунда мигранттар көргөн кордуктан улам кыргыз бийлиги реакция жасабай жатат деген сын 14-апрелде Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитетинин жыйынында көтөрүлдү.

Жогорку Кеңештин депутаты Эмил Токтошев парламенттин мончодо эч себепсиз ур-токмокко кабылган Кыргызстандын жарандары боюнча маселе көтөрүп, бийликти буга байланыштуу чечкиндүү иш алып барууга чакырды.

 Москва мончосундагы окуя: ТИМ орус элчисине нота берди
please wait

No media source currently available

0:00 0:03:34 0:00

Жыйынга катышкан тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев депутаттын суроосуна жооп берип, коопсуздуктан улам сабалган кыргызстандыктар арыз жазуудан баш тартканын айтып, буларды кошумчалады:

Жээнбек Кулубаев
Жээнбек Кулубаев

“Албетте, тышкы саясатта жарандарыбыздын укугун коргошубуз керек. Ар бир ишти сүйлөшүп чечишибиз зарыл. Биз эртең демарш жасай албайбыз. Демарш жасасаңыз бул жакта үч күндөн кийин техниканын баары токтойт. Газ, нефти токтойт. Жарандарыбызды 100 миңдеп эшелонго салып, таштап коёт. Аны кантип чечесиз? Ушунун баарын ойлонуп туруп аракет кылышыбыз керек”, - деди ал.

Депутаттардын сыны: ТИМдин иши чабалбы?

Министрдин мындай билдирүүсү күйүп турган отко май тамызгандай болду. Эмил Токтошев баштаган депутаттар аткаминерди мигранттардын укугун коргобой эле аларга кайра күнөөнү оодарып жаткандай болуп атасыңар деп сындады:

“Мен сизге бул окуя боюнча арыз жазбайм. Бул саясий комитет аны президент, элдин баары угуп атат. Сиз эмне үчүн арыз түшкөндө гана Коопсуздук кеңешин жыйынга чогултушуңар керек. Сиздин ишке элдин купулу толбой атат. Эмне үчүн депутаттар кыйкырып айтышы керек. Сөзсүз биз айткандан кийин гана Коопсуздук кеңеши чогулуш керекпи?” - деп собол узатты Токтошев.

Депутат Жанарбек Акаев былтыр Бишкекте пакистандык жарандарга жасалган орой мамиледен кийин алардын өкмөтүнүн кыргыз өкмөтүнө койгон талабын эске салды.

Жанарбек Акаев
Жанарбек Акаев

"Мына, былтыр майда пакистандык студенттерге кыргызстандык айрым жаштары кол көтөрүп койгондо эмне болду эле? Пакистандын тышкы иштер министри эртеси учуп келип, өзүңүз менен жолуккан. Вице-премьер-министрибиз баш болуп, пакистандык студенттерден кечирим сураган, жарандык активисттерибиз тамак ташыган. Пакистандын премьер-министри жеке тынчсыздануусун билдирди. Ал эми Москвадагы жагдай боюнча таптакыр тескерисинче болду. Биздин премьер-министрибизден үн жок. Орусияда кыргызстандыктарды полиция өтө зөөкүрлүк менен сабады. Сиздер болсо Москвадан болгону маалымат сурап коюп отурасыздар. Анан бул жерде бизге Орусиянын "салык төлөбөгөн, машине токтотуучу жайды мыйзамсыз уюштурган" деген маалыматтарын айтып отурасыз. Ушулар үчүн эле сабаш керекпи? Жарандарыбызды коргошубуз керек", - деди Жанарбек Акаев.

"Мигранттарды сабагандардын таламын талашкандай болуп жатасыз"

Дагы бир депутат Кубанычбек Самаков министрге кайрылып, кыргызстандык жарандардын эмес, аларды кордогондордун таламын талашып жатасыз деген маселени кабыргасынан койду:

"Мына өзүңүз эле депутаттарга маалымат берип жатып, "биздин жарандарыбыз мончого чогулуп отурбаш керек болчу" дегендей мааниде сүйлөп атасыз. Сиз сабалган биздин мигранттардын эмес, аларды сабагандардын таламын талашкандай мамиле кылып жатасыз. Элге туура маалымат берип, жок дегенде, "жеке көзөмөлүмө алдым" деген "дүжүр" сөздөр менен жайкап койсоңуз да болмок", - деди Самаков.

Министр Кулубаев Москвадагы окуяга байланыштуу Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев да тынчсызданып жатканын, ага толук маалымат берилгенин, жакын арада сүйлөшүүлөр жүрөрүн билдирди.

Ошентип өткөн аптада, 11-апрелде Москва мончосунда мигранттардын кордук көргөнү боюнча улам бир үрөй учурган маалымат чыгып, Кыргызстандагы негизги тема болуп турат. Ал жерде полиция кызматкерлери мигранттардын биринин сакалын кырып, дагы бирине ачуу келемпир жедиргенин "Азаттыкка" сабалган кыргызстандыктардын бири айтып берген.

Бул маселе коомчулукта кызуу талкууланып, ар кандай сын-пикирлер айтылган. 14-апрелде Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги реакция кылып Орусиянын элчиси Сергей Вакуновго нота тапшырылганын жарыялады:

“Орус тарапка укук коргоо органдары тарабынан жүргүзүлгөн операциянын, ошондой эле жарандарга карата күч колдонуунун негиздери боюнча маалымат берүү жана эгерде күч колдонуу негизсиз болсо, бул окуя боюнча Москванын укук коргоо органдарынын өкүлдөрүнө карата тиешелүү чараларды көрүү өтүнүчү менен расмий нота берилди”, - Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги тараткан маалыматта.

ТИМ ага чейин, 12-апрелде мигранттар ур-токмокко алынган окуя териштирилип жатканын билдирген.

Азырынча Кыргызстандын реакциясы Орусияга кандай таасир этерин айтуу кыйын. Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги Москвадагы мончолордун биринде ур-токмокко кабылып кармалган 24 кыргызстандык мигранттын төртөө Орусиядан чыгарыларын билдирди.

Интернетке тарап кеткен видеодон Москвадагы мончолордун бириндеги жарандарды орус полициясы жана бети жабылган белгисиз адамдар уруп-сабап жатканын көрүүгө болот.



Ошол учурда мончодо болуп, сабалган кыргызстандык мигранттардын бири “Азаттыкка” бул маалыматты ырастап, окуя 10-апрелде болгонун, полиция аларды беш сааттай уруп-сабап, бул убакыт ичинде ар кандай ыкмалар менен кыйнаганын айтып берген.

"Ошол жактагылардын бирөөсүнүн жанынан бир бөтөлкө насвай таап алышты. Ал насвайды ар кимдин оозуна тыгып, жедиришти. Айрымдарды кол күрөшкө чыгарышты. Утулгандарды сабап жатышты. Кээ бирөөлөрдүн документтерин тытып салышты. Кийимчен жүргөндөрдү бассейнге секиртишти. Айрымдардын чөнтөгүндөгү акчаларын алып коюшту. Дагы бирөөгө жарым киллограмдай ачуу калемпир жедиртишти".


Быйыл жыл башынан баштап Орусияда миграциялык мыйзамдар катаалдашкан.

5-февралдан тартып чет элдик жарандар үчүн "көзөмөлгө алынгандардын" реестри иштей баштаган. Бул тизмеге түшкөндөрдүн укуктары кескин чектелет. Ошондой эле мындай мигранттар көзөмөлгө алынган адамдардын реестрине киргизилип, банк кызматтарынан пайдаланууга, кыймылсыз мүлктү каттоого, транспорт каражаттарын башкарууга, никеге турууга укуксуз болору жана башка укуктары чектелери кабарланган.

Шерине

XS
SM
MD
LG