Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Апрель, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 02:55

Украинада аскердик тапшырманы аткаруу маалында F-16 учагынын учкучу каза болду


F-16 учагы.
F-16 учагы.

12-апрелде Украинада согуштук тапшырманы аткарып жаткан учурда F-16 учагынын 26 жаштагы учкучу Павел Иванов каза болду. Бул тууралуу Украинанын Аба күчтөрүнүн Telegram-каналына маалымат чыкты.

Учкучтун өлүмүнүн жагдайлары ачыкталган жок. Аба күчтөрүнүн билдирүүсүндө ал “салгылашууда курман болду” деп айтылат.

Ишембиге караган түнү Украина дагы бир жолу Орусиянын дрон чабуулуна кабылган. Адатта мындай учурларда дрондорду жок кылуу операцияларына аскердик авиация да тартылат.

Ишембинин кечинде Би-Би-Синин украин кызматы өкмөттөгү булактарына таянып, Павел Иванов башкарган учакты орусиялык ракета атып түшүргөн деген божомолду жазып чыкты.

Басылма менен сүйлөшкөн аткаминердин айтымында, учакка үч ракета – С-400 зениттик-ракеталык комплексинен же “аба-аба” тибиндеги ракеталар атылган. Булак F-16 учагын украиналык абадан коргонуу күчтөрү катачылык менен атып түшүрдү деген версияны толук четке каккан.

Украинанын президенти Владимир Зеленский F-16 учкучунун каза болушу тууралуу X социалдык түйүнүндөгү баракчасы аркылуу комментарий берди.

"Аскерий жетекчилер бул окуя боюнча керектүү отчетторду беришти. Биз бардык жагдайларды аныктап жатабыз. Украинанын F-16 учактары, "Мираж", МиГ жана бүт аскердик авиациябыз өлкөбүздү коргоп, жердеги операцияларды колдоо максатында тапшырмаларды каармандык менен аткарып жатышат. Аба күчтөрү ошондой эле Украинаны Орусиянын ракеталары менен дрондорунан коргоо иштерин жүргүзүп жатышат", - деп жазды Зеленский.

Президенттин жарлыгы менен каза болгон аскер Павел Ивановго "Украинанын баатыры" наамы ыйгарылганы кийинчерээк белгилүү болду.

Кремль украиналык учкучтун өлүмү тууралуу билдирүүлөргө расмий комментарий беришкен жок. Бирок орусиячыл аскердик Телеграм-каналдарда учак орусиялык аскерлер тарабынан атып түшүрүлгөн деген божомол айтылууда.

Бул – Украина F-16 учактарын колдоно баштагандан бери ачыкталган экинчи учкучтун өлүмү. Биринчи окуя 2024-жылдын август айында болуп, анда Украина Куралдуу күчтөрүнүн подполковниги Алексей Месь кырсыкка учурап каза тапкан.

Башкы версияга ылайык, ал Орусиянын ракеталык чабуулуна каршы аракеттер жүрүп жатканда украиналык абадан коргонуу системасынын бутасына илинип калып курман болгонун The Wall Street Journal (WSJ) гезити жазган.

Басылма кырсыктын себептеринин бири катары Украинага берилген Patriot абадан коргонуу системаларында “дос же жоону” таануу системасынын жоктугун атаган. Украина бийлиги бул версия боюнча расмий комментарий берген эмес.

Украина 2024-жылдын жай айларында Батыштагы өнөктөштөрүнөн алгачкы F-16 кыргын салуучу учактарын алган. Украинага мындай үлгүдөгү учактан канча даана берилгени айтылбай, сыр бойдон калган.

Согуш боюнча байкоо жүргүзгөн эксперттердин жана Батыш басылмаларынын баалоосу боюнча, Украинада кеминде 10, бирок 20дан ашпаган санда F-16 учагы болушу мүмкүн.


Шерине

XS
SM
MD
LG