Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Апрель, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 20:48

Жогорку Кеңеште ЖМК тууралуу мыйзам долбоору боюнча коомдук угуу өтөт


14-мартта Жогорку Кеңеште “Жалпыга маалымдоо каражаттары жөнүндө” мыйзам долбоору боюнча коомдук угуу өтөт. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматта иш-чараны Социалдык саясат боюнча комитет уюштуруп жатканы, ага жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү, эксперттер, коомдук уюмдар жана мамлекеттик мекемелердин кызматкерлери катыша турганы жазылган.

Жогорку Кеңеш ЖМК жөнүндө мыйзам долбоорун 9-апрелде биринчи окууда карап, жактырган.

Мыйзам долбоору буга чейин журналисттердин жана жарандык коомдун каршылыгы менен кайрадан иштелип чыккан. Документте интернет сайттар маалымат каражаты катары милдеттүү түрдө каттоодон өтүш керек деген талап алынып, редакция ыктыярдуу түрдө каттоодон өтсө болору, маалымат каражатынын булагын сыр катары сактоо укугу каралган. Ошондой эле буга чейинки мыйзам долбоорунда ЖМКлар Юстиция министрлиги менен Санариптик өнүктүрүү министрлигинен каттоодон өтүшү керектиги жазылса, бул жолку вариантта Юстиция министрлигинен гана каттоодон өтүү сунушталды.

Буга чейин Кыргызстандын аймагында маалымат каражаттарын негиздегенде чет өлкөлүк катышуу 50% ашпашы керек деп айтылса, бул жолу мындай норма телеканалдарга тиешелүү деп иштелип чыкты.

Андан тышкары жалпыга маалымдоо каражатынын иши уюштуруучунун же соттун чечими менен гана токтотулушу же токтоп турушу мүмкүн экени жазылган.

Кыргызстанда бийликти күч менен басып алууга чакырык камтылган материалдарды, дискриминацияга, кастыкка же зордук-зомбулукка үндөгөн, расалык жана диний касташууну күчөткөн маалыматтарды, террордук ишти жүзөгө ашырууга чакырыктарды камтыган же терроризмди ачык актаган материалдарды бир жылда бир нече жолу (эки жолудан ашык) жарыялаган ЖМКга жазуу жүзүндө эскертүү берилип, ал аткарылбаса медиа соттун чечими менен жабылат.

2024-жылы 13-мартта президент Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен Министрлер кабинети сунуштаган “Жалпыга маалымдоо каражаттары жөнүндө” мыйзам долбоору артка кайтарылган. Анын алдында Жапаров Кыргызстандагы 40тай жалпыга маалымдоо каражатынын жетекчилери менен жолугуп, ЖМКлар менен конструктивдүү диалогду улантууга даяр экенин айткан.

Расмий маалымат боюнча, ушул тапта Кыргызстанда 2740 ЖМК каттоодон өткөн. (TAb)

Шерине

XS
SM
MD
LG