Ысык-Көлдү сактап калуу жана анын айланасындагы аймакты натыйжалуу башкаруу боюнча жумуш тобу түзүлдү. Ага суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Бакыт Төрөбаев жетекчилик кылат.
Бул тууралуу Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги билдирди.
"Аталган топ "Ысык-Көл" экология-экономикалык тутумунун социалдык-экономикалык жана экологиялык абалын комплекстүү изилдеп, анын туруктуу өнүгүүсүнүн концепциясынын долбоорун иштеп чыгат жана башка бир катар маанилүү милдеттерди да аткарат", - деп жазылган маалыматта.
2024-жылы Ысык-Көл суусунун деңгээлин көтөрүү жана экологиялык балансты сактоо үчүн 100 миң гектар сугат жер заманбап технологиялар менен тамчылатып сугаруу ыкмасына өткөрүлөрү кабарланган. Долбоорду ишке ашырууга 200 млн доллар бөлүнгөнү белгилүү болгон.
Гидрометеорология кызматынын билдиришинче, Ысык-Көлдө суунун деңгээли 98 жыл аралыгында 3,5 метрге азайган. Суунун деңгээлинин төмөндөшүнө мөңгүлөрдүн жана көлгө куйган суунун азайышы себеп болгон.
Жыл сайын Ысык-Көлдүн суусу тартылып баратканы тууралуу маселени президент Садыр Жапаров 2023-жылы сентябрда Дүйшөмбү шаарында өткөн Борбор Азия лидерлеринин саммитинде көтөргөн. Ал аймактагы өлкөлөрдү суу-энергетика ресурстарын сарамжал пайдаланууга чакырган. (ST)
Шерине