Органдардын улуттук донор системасын түзүү менен катар тармактык адистерди даярдоо, заманбап технологияларды киргизүү жаатында стратегиялык иштер жүрөт.
Саламаттык сактоо министри Эркин Чечейбаевдин белгилешинче, мамлекет ткандарды типтештирүүчү лаборатория (HLA-типтештирүү) үчүн заманбап жабдууларды сатып алууга каражат бөлгөн.
Жабдууларды орнотууда жана лабораторияны ишке киргизүүдө түрк адистери жардам берүүдө. Бул иштин аркасында донор тандоодо эл аралык стандарттар киргизилген.
Министр бул тууралуу 11-апрелде Кыргыз-Түрк ооруканасына бөйрөгүн алмаштырган бейтаптардан кабар алуу үчүн барганда айтты.
Аталган медициналык борбордо 7-9-апрелде үч кишинин бөйрөгү алмаштырылган. Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришкендей, учурда бейтаптардын жана донорлордун абалы туруктуу.
Былтыр Кыргызстан менен Түркиянын Саламаттык сактоо министрликтеринин ортосунда трансплантациялоо жаатында кызматташуу боюнча протокол түзүлгөн. Ага ылайык, операцияны Түркиядан келген дарыгерлер тобу жасаганы маалым болду.
Кыргыз-Түрк достугу ооруканасында биринчи бөйрөк алмаштыруу операциялары 2023-жылдын август айында жасала башталган.
Кыргызстанда бөйрөктү трансплантациялоо операциясы 2024-жылдан бери мамлекет эсебинен жүрүп жатат. Жаңы мыйзамга ылайык, былтыр аталаш туугандарга, чоң ата, чоң энеге да донор болууга уруксат берилген.
Учурда өлкөдө өнөкөт бөйрөк жетишсиздигинен жабыркаган 3300дөй бейтап гемодиализ алат. Аларга мамлекеттик дагы, жеке медициналык мекемелер дагы кызмат көрсөтөт. Гемодиализ үчүн казынадан 3 млрд сомдон ашык каражат бөлүнөт. Бир бейтаптын чыгымы жылына 936 миң сомду (бир сеанстын баасы 6500 сом) түзөт.
Дарыгерлер трансплантация операциялары диализге караганда арзан түшөрүн белгилешет. (ST)
Шерине