Украинага Батыштагы өнөктөштөрүнөн 21 млрд евро (23,8 млрд доллар) өлчөмүндө кезектеги аскердик жардам көрсөтүлөт. Бул тууралуу 11-апрелде Улуу Британиянын коргоо министри Жон Хили "Рамштайн" форматында өткөн жолугушуудан кийин билдирди.
Жолугушуу Брюсселде НАТОнун кеңсесинде Лондондун жана Берлиндин төрагалыгы менен өттү.
Германиянын коргоо министри Борис Писториус өнөктөштөргө колдоосу үчүн ыраазычылык билдирип, мындай жардам согуш талаасындагы абалга таасирин тийгизерин айтты.
Бирок ал Украинада тынчтык жакын арада орной турганына көзү жетпей жатканын, Орусия украин тарап күрөшүн уланта берерин, ага колдоо көрсөтүлө берерин түшүнүшү керектигин белгиледи.
Орусиянын аскерлери фронт тилкесинде Украинанын аймагына жаңы чабуулдарын баштаганын 9-апрелде украин Куралдуу күчтөрүнүн башкы командачысы Александр Сырский Lb.ua басылмасына курган маегинде билдирген. Бул тууралуу "Азаттыктын" украин кызматы жазган.
Орусия 2022-жылдын 24-февралында Украинага каршы толук масштабдуу согуш ачкандан бери анын аймактарын учкучсуз учактардан, жапырт аткылоочу реактивдүү системалардан жана ракета, башкарылуучу авиациялык бомба менен аткылоону токтотпой келе жатат. Москва Украинанын шаар-кыштактарынын жарандык инфраструктурасын атайылап талкалап, элин өлтүрүп жатканы тууралуу айыптоолорду мойнуна албай келет.
Украин бийлиги, өнөктөштөрү жана эл аралык уюмдар Орусиянын соккуларын согуш кылмышы, атайын жасалган каршы аракет деп баалап жатышат. (RK)
Шерине