Украинадагы кайрымдуулук уюмуна 51 доллар которгону үчүн Орусияда эркинен ажыратылган Ксения Карелина Америкага жеткирилди. Ал 10-апрелде Москва менен Вашингтон ортосунда соттолгон жарандарды айырбаштоо жараянынын алкагында бошотулган.
Карелинаны алып барган учак Вашингтон шаарынын жанындагы Эндрюс аскерий аба базасына жергиликтүү убакыт боюнча кечки саат 11лерде конуп, аны ошол жерден жигити тосуп алды. Кошмо Штаттардын президенти Дональд Трамп анын бошотулушун кубаттады.
"Жаш балерина бошотулду, эми ал эркиндикте. Бул жакшы жаңылык. Ошондуктан ыраазычылык билдиребиз", - деди Трамп.
33 жаштагы мурдагы балерина Ксения Карелина 2015-жылы АКШга көчүп, 2021-жылы жарандык алган.
Эки жыл мурда Екатеринбург шаарынын соту Карелинаны Razom For Ukraine аттуу баш кеңсеси АКШда жайгашкан кайрымдуулук уюмуна акча которгону үчүн «мамлекетке чыккынчылык кылды» деп айыптап, күнөөлүү деп таап, 12 жылга эркинен ажыраткан. Бул уюм Украинанын муктаж жарандарына гуманитардык жана медициналык жардам көрсөтүү менен алектенет.
Ал эми анын ордуна Вашингтон Москвага 34 жаштагы Артур Петровду өткөрүп бергени маалым болду. Ал 2023-жылы Кипрде АКШнын өтүнүчү менен кармалган. Американын Юстиция министрлиги Петровду «микроэлектрониканы Орусиянын аскердик жабдууларын жана куралдарын чыгарган ишканаларга жеткирүү схемасына катышкан» деп айыптаган.
"Бул акыркы бир нече аптада Орусия менен АКШ ортосундагы экинчи айырбаштоо жараяны. Мен бул ишеничти бекемдөөгө жардам берет деп эсептейм, ал ишенич өтө маанилүү, бирок аны толугу менен калыбына келтирүү үчүн көп убакыт талап кылынат", - деди Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров.
Бул январда Трамп кызматка киришкенден бери Москва менен Вашингтондун ортосунда болгон экинчи айырбаштоо. 2024-жылдын февраль айында АКШ өзүн кибер кылмышкер деп мойнуна алган Александр Винникти америкалык мугалим Марк Фогелге алмаштырган.
Шерине